Бүгүн, 2-ноябрь Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы.
Бул күнгө арналган салтанаттуу иш-чара А.Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрында болот.
Салтанатка вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова баштаган мамлекеттик жетекчилер, маданият жана искусство чеберлери, ардагерлер катышат.
1926-жылы 2-ноябрда Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» аттуу драмасы коюлган. Бул датаны эске алуу менен 1995-жылы 28-июлда кыргыз өкмөтү Маданият ишмерлеринин күнүн 2-ноябрда белгилөө тууралуу №318 токтомун чыгарган.
Кыргызстанда учурда 20 миңге чукул маданият кызматкерлери иштейт. Ал эми 2016-жылга алынган маалымат боюнча 20 театр, 45 музей, 1035 китепкана, 87 балдар музыкалык окуу жайы, маданият жана искусство кызматкерлерин даярдаган 2 жогорку окуу жайы, 8 орто билим берүүчү окуу жайы бар.
Булак: maralfm.kg