Бомбалар ыргый баштады..

Акыркы күндөрү негизги талапкердин бири болгон Өмүрбек Бабанов атаандаштары тарабынан алас алдыра албаса дагы бир топ күчтүү сокку алды. Биринчиси “Он-адырдагы” өзбек калкы менен жолугушуусу, экинчиси жакын колдоочуларынын бири Канат Исаевдин абдан оор кылмышка шектенип камакка алынышы болду. Бабанов деле алсыз талапкер эмес, ал дагы соккуга сокку менен жооп бериши керек эле. Жакында эле өзүнүн менчик “НТС” каналы аркылуу Ош шаарынын тургуну, Дурбек Алимжанов деген жигитти эмнеге Бабановго иштейсиң деп ур токмокко алгандыгы тууралуу маалыматты жарыялап жиберди. Сабап гана жибербестен Бабановго каршы сөз сүйлөтүп дагы жаздырып алышкан имиш. Окуяга удаа эле Ош шаарынын ички иштер башкармасы да билдирүү таратты. Анда окуя толук иликтенип фактылар далилденсе күнөөлүүлөр жазасын алат деп ишендиришти. Адатта шайлоо улам жакындаган сайын бир-бирине компромат бомбаларды ыргытуу күчөйт деген аныктама бар. Коомчулук дагы кандай азырынча белгисиз күчтүү окуяларга күбө болор экен?

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу