Бишкек шаардык кеңеши кезексиз жыйынга чогулду. Күн тартибинде коалициялык көпчүлүктү куроо аны менен бирге жаңы төраганы шайлоо маселеси.
Алдын ала маалыматтарга караганда, коалицияга «Республика-Ата-Журттан» башка бардык фракциялар кирет.
Эскерте кетсек, Өткөн айда КСДП коалициядан чыгып, “Республика – Ата-Журт” оппозицияда калуу тууралуу чечим кабыл алган.
Учурда кеңеште беш фракция бар. Алар: КСДП, «Республика-Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс» «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» фракциялары.
Булак: 5news.kg