Бишкектин жолдорун эмнеге кытайлар курууда?

Борбор шаарыбыздын гана эмес жалпы эле мамлекетибиздин калкы: “Эмнеге өзүбүз оңдой албайбыз, эң эле жаманы эмне үчүн коңшу Кытай мамлекетинен ошол жолдорго олчойгон кредиттерди алып жатабыз?”-деген орчундуу суроо коюуда. Бир гана нерсени белгилей кетели. Өткөн шайлоодо Трамптын негизги атаандашы болгон Хиллари Клинтон мамлекеттик катчы кезинде Африка өлкөлөрүнүн жетекчилеринин чоң жыйынында Кытайдан кредит алуудан сак болууну эскерткен.  Бул маселе биздин коомчулук тарабынан да анда-санда көтөрүлө калып жатат. Биз сөз кылган жолдорго эле 1,6 миллиард Кытай акчасы жумшалууда.  Ал акчаны кайра кайтарууну да ойлонуш керек.

Шаар тургундары салынып жаткан жолдордун сапаты анча жакшы эмес экендигин байкап, кээлери ачык айтып келишүүдө.

Дагы бир маселе иштегендердин басымдуу көпчүлүгү Кытай жарандары. Эмне өзүбүздө асфальт төшөй алган жол куруучулар жокпу?

Өкмөт  ушул маселелерди сөзсүз көзөмөлгө алуусу  керек. Кредит берсе эле эмне баарына макул боло беребизби?

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу