Бишкекте көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилүүдө

Бишкекте Басма сөз жана маалымат күнүнө карата акыркы 25 жыл ичинде көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилүүдө. Эскерүү иш-чарасында алардын элесине арналып коюлган сүрөт-галерея ачылды. Арасында киши колдуу болгон журналисттер Геннадий Павлюк менен Алишер Саиповдун сүрөттөрү коюлган. Ошондой эле «Азаттыктын» иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин да сүрөтү бар. Иш-чарага Кыргызстандагы ММКлардын жетекчилери, саясий-коомдук ишмерлер катышууда. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча соңку 25 жыл ичинде өлкөдө 100дөн ашык журналист каза болгон.

Быйыл кыргыз журналистикасында оор жоготуулар болду.

Июлда «Азаттыктын» чыгаан журналисти Уланбек Эгизбаев, «Спутниктин» алып баруучусу Исмаил Мамытов мезгилсиз каза болушту. Уланбек Эгизбаев 28, Исмаил Мамытов 25 жашта эле.

Августта белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова 46 жашында рак (өсмө) оорусунан көз жумду.

Октябрда өсмө илдетинен жабыркап жүргөн журналист, өмүрүнүн акыркы жылдарында маданият, маалымат жана туризм министри болуп иштеген Султан Жумагулов 59 жашында дүйнөдөн кайтты.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу