Реконструкциялоо иштерине байланыштуу Бишкекте бир катар көчөлөр жабылат.
Тактап айтканда:
24-февралдан 31-ноябрга чейин Осмонкул көчөсүнүн БЧКдан тартып “Шоро” ЖАКына чейинки бөлүгү.
14-марттан 30-августка чейин Жаманбаев көчөсүнүн Токтоналиев көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейинки аралыгы.
2-марттан 30-сентябрга чейин Тыныстанов көчөсүнүн Түгөлбай ата көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки аралыгы.
20-марттан 1-сентябрга чейин Баялинов көчөсүнүн М.Ганди көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыгы.
20-марттан 15-июнга чейин Айни көчөсүнүн Псковская көчөсүнөн Ч.Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү.
20-марттан 15-майга чейин Эркиндик көчөсүнүн Түгөлбай ата жана Москва көчөлөрүнө чейинки аралыгы.
БУЛАК: barometr.kg