Бир келин күйөөсү командировкага кеткенде үйүнө чакырып…

Бакыт Мукулдан анекдот.

Бир келин күйөөсү командировкага кеткенде үйүнө үч эркекти чакырат. Бирок, кара басып, алар шапар тээп аткан маалда күйөөсү келип калат. Шашып калган келин эркектерди балконго чыгарат да, ар бирин бош мүшөктөргө салып коёт. Бир маалда күйөөсү тамеки тартканы чыгат да мүшөктөрдү көрүп, аялына: — Булар эмне? — Айылдан апам майрамга карата берип ийиптир.

Күйөөсү мүшөктөрдүн бирин бир тепсе «ма-а» деген үн чыгат. — Кой тура дейт, — күйөөсү сүйүнүп. — Союп, бешбармак жасайбыз. Экинчисин тепсе, «мө-ө» деген үн чыгат. — Музоо тура. Шишкебекке жакшы. Үчүнчүсүн бир тепсе унчукпайт. Кайра тебет, дале үн жок. Үчүнчү жолу тепкенде мүшөк үн катат: — Эй, келесоо! Эмнеге улам-улам тебесиң? Унчукпадымбы, демек, картошкамын да!

Булак: «АЗИЯnews»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу