Биринчи жардам: Кулак ооруганда эмне кылуу керек?

Эмне үчүн кулак ооруйт? Баланын кулагынын ооруп жатканын кантип билсе болот? Доктурга көрүнгөнгө чейин кандай чараларды көрүү зарыл? Бул тууралуу Bilesinbi.kg’ге ЛОР дарыгер Надира Амантаева айтып берди.

Эмне үчүн кулак ооруйт?

Кулак оорунун себептери түрдүү. Бул ооруну үйдөн дарылаганга болбойт, мүмкүн болушунча эртерээк доктурга көрүнүп, дарылоону баштоо зарыл. Өтүшүп кеткен учурда кулак укпай калышы мүмкүн.

Отит. Иммунитет түшүп кеткенден улам сезгенүү (воспаление) процесси башталат. Симптомдору: кулак ооруйт, мурун агат, температура көтөрүлөт.

Периохондрит. Грипп жана пневмония жакшы дарыланбай өтүшүп кеткен учурда пайда болот. Симптомдору: кулак шишигенсийт, ириң агат.

Лимфаденит. Кулактагы лимфотүйүндөрдүн сезгениши. Симптомдору: температура аябай көтөрүлүп, баш ооруйт.

Баланын кулагынын ооруп жатканын кантип билсе болот?

1-2 жаштагы балдар тили чыга элек болгон күндө да кулагынын ооруганын түшүндүрүп бере алышат. Чыдатпай ооругандыктан чыргоолонуп, алы кетип, колу менен кулагын көрсөтүп ыйлайт.

Эмчектеги бала себепсиз чыңырып ыйлап, тынчы кетет. Эмизип жаткан учурда башын тартып, ачка болсо деле эме албай кыйналат.

Кулагынын тешигин тосуп турган кичинекей кемирчекти акырын басып көрүңүз, бала кол тийгизбей чыңырып ыйласа, демек, кулагынын ооруп жатканы анык.

Кандай чараларды көрүү зарыл?

Кулак оору көпчүлүк оорудай эле кечкисин жана түнкүсүн башталат. Эртең мененкиге чейин ооруну басып туруу үчүн алгач кулактын ичин фонариктин жардамы менен жакшылап карап чыккыла.

Эгер ичи таза, эч кандай ириң же нымдашып турганын байкабасаңар анда, кебезден түтүкчө жасап, “борный спиртке” малып, кулактын ичине салып койгула. Бет арчы же жалаякты үтүк менен жылытып, кулакты бассаңар болот. Бирок, жылуулукту кулактын үстүн жаап эмес, тегерете басуу керек. Ошондой эле, ооруну басуучу (обезболивающий) дары ичсеңер болот. Кичинекей балдарга Ибуфен, балдар үчүн (детский) парацетамол берүү керек.

Ал эми кулактын ичи жылтырап, нымдашып турса, анда жылуулук баскан такыр болбойт! Жылуулук, ириңди көбөйтүп, кулактын оорусун күчөтөт. Мындай учурда ооруну басуучу дарылардан ичип, эртеси дароо ЛОРго көрүнүү зарыл.

Кулакты үй шартында өз алдынча дарылоо өтө кооптуу! Сөзсүз дарыгерге кайрылгыла!

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу