Бийлик коррупция менен жасалма жана тандалма күрөшөбү?

Кетип бара жаткан жыл коомчулукта Алмазбек Атамбаевдин айлана-тегерегиндеги адамдардын иштери ачыкка чыкканы менен эсте калаары талашсыз. Ошону менен бирге дагы эле мурунку президенттин эрке балдары учурда  кенен-кесир сайрандап жүргөнү жүргөн. Мисалы “банщик” каймана аты бар, Ысык-Көлдүн мурунку губернатору, азыркы мезгилдеги Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Ак үй тарап менен дайындалган Мирбек Асанакунов жыргап эле жүрөт. Жөн жүрмөк түгүл, аялынын этегине жармашып алып, тагыраак айтканда анын этеги менен жабынып алып бир топ майлуу иштерди бышырып жүрөт дешет катардагы профсоюзчулар.

Асанакунов, анын аялы Гүлкан Молдобековалар үй-бүлөсүнө Атамбаевдин заманында мыйзам кандай иштебесе, азыр деле иштебейт окшойт. Эсиңерге сала кетели, Асанакунов көлдө  күпүлдөп жүргөн маалда аны “Ысык-Көл облусунун өнүгүү фондусунан” акчаны мыйзамсыз алып, колдонгон деп күнөөлөгөн. Бирок, ал иш кызыктуу жагдайлар менен ары барбай, сотко жетпей токтоп калган. Билгендердин айткандарына караганда биздин каарман 100 млн. сомду какабай эле сугунган дешет. Ал сумма тергөө жаңыдан башталганда чыгыптыр, бирок  Раиса Атамбаева токтотуп койгон имиш. Мындай иштер сүрсүгөнүнө карабастан, мамлекетке зыян алып келгенден кийин кайрадан козголуп аягына чыгыш абзел.

Бармак басты, көз кысты болуп жатып, Мирбек Асанакунов андан ары өзүнүн тетири иштерин  уланта берди. Дагы бир мисал, ушул жылдын 18 июлунда КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (башкача айтканда Финпол) Бишкек шаарлык башкармалыгы тарабынан эмгек китепчесине иш стажы боюнча жалган маалыматтарды жазылганы тууралу иш козголот. Бирок, банщик мырзанын бактысы бар экен, же ага депутат аялды Кудай бергенби, кыскасы ал иш бир токтоп, бир от алып өлөң салаң болуп келе жатат.

Кээде токтоп калып жаткан бир себебин, бир жерде чай ичип отурган маалда, Асанакуновдун шакирти, тагыраак айтканда анын үй-бүлөсүнүн эрке баласы жана орун басары Жээнбек Осмоналиев – “тергөөчүлөр менен соттор биздин колдо” дептир. Чын эле тергөөчүлөр менен соттор алардын колунда окшойт, анткени буга чейин профсоюз боюнча мен жазган сындуу макалалар үчүн мени,  “Жаңы Ордо”, “ResPublica” гезиттерин бул эргулдар сотко беришти.  Ал тургай ал арыздар боюнча менин катышуусуз эле чечимдерди чыгарттырып жатышат. Кызыгы мага да, жогорудагы айтылган гезиттердин редакцияларына да сот ишинин көчүрмөлөрүн, же сотко катышуу үчүн повесткаларды жөнөтө элек.  Эмнеге андай деген суроо менен эки жолу сотко кайрылсам – жашаган дарек боюнча, почта менен жөнөтөбүз дешет.  Дегени, дегени менен алар жөнөтпөй, мен билишимче атайлап башка жака, жок жерлерге жөнөтүп жатышат. Кыскасы, профсоюз төрагасы жана анын шылуун орун басары сөз эркиндигине басым кылып жатат десем мен жаңылышпайм.

Эми сөз кезеги Асанакувдун айтылуу аялы Гүлкан Молдобековага бурсак. Анын ишмердүүлүгү жөнүндө жакшы иштерди кылып жүрөт деген бир да жылуу сөз уга элекмин. Ал жөнүндө сөз кылганда билгендер дароо эле мурунку биографиясы айтышат. Депутат болгонго чейин керек болсо өзүлөрүнүн сауналарына жөн жуунбай,  бошураак кыздарды каалаган  кардарлар арасында аброю жок болчу дешет. Атүгүл, өткөндө органдар менен бала саткан врачтардын кылмыштуу тобуна “крыша” болгон деп чыкты го? Молдобекова азыркыча айтканда абдан “ушлая” экен, бул теманы жабыш үчүн – аброюма шек келтиришти деп, парламенттен сайрады. Андан тышкары, биздин билишибизче АШАчылар менен, КСДПчылар суудан кургак чыгарып коргоп калат, деп, кыялданып жүрөт.  Бирок, ЖМКлар менен ачык коом болгонубуз үчүн ким ким экенин, Атамбаев өзү айткандай — “куркулдаган кузгундар” ким экени бизге маалым. Мейли тааныш-билиш, акча-бийлигин өзүлөрүн сактап калыш үчүн салышсын, бирок кыңыр иш кырк жылда билинет демекчи, адилеттүү соттун алдында ботодой боздой турган күндөрү али алдыда.

Ал күндөр албетте алдыда, бирок азыр иштер такыр башкача. Кечээ-жакында -“коррупционерлер элди аралап баса албай калыш керек” деди эле урматтуу президент. Бирок, Асанакунов-Молдобекова-Осмоналиев триосу эл араламак түгүл, жер аралап жүрбөйбү. Ошондо кекиртеги чоң, өлгүчө жегендерге карата тандалма, кош стандарттуу күрөш жүргүзүп жатабы биздин урматтуу Сооронбай Шарипович?    Кандай болсо да, коомчулук, өзгөчө карапайым, катардагы профсоюз мүчөлөрү бийлик, президент, тийиштүү органдар  профсоюз уюмундагы каалашынча калжаңдагандарга укуктук жана саясий баа берилээрине үмүт али өчүрө элек.

Антпесе, мурунку президент менен жүрүп жаткан эле күрөш болбосо, калганы кол тийбес, уруу, элдин нанын жегендерди, казынага суук колдорун салгандар боюнча жөн жасалма “ликвидацияга” окшошуп калат. Андай боло турган болсо, бул мамлекет үчүн өзгөчө азыркы эң жогорку жактагылар үчүн абдан тайгак жол.

7 кабатта, параллелдеги жылуу-жумшак дүйнөдө жашап жаткан ак-үйчүлөргө  айта турган болсок. Учурдагы, көпчүлүктүн айлык маяналардын аздыгы, алардын анык жашоодогу чыгашаларга төп келбеши, ишсиздиктин күчөшү, миграциянын өсүшү бул дагы Асанакунов жетектеген колтойгон уюмдун Кыргызстандын ички рыногун  коргой албай, чабал саясаттын жүргүзүп жатышынын белгиси. Антпесе, канча деген биздин жарандар, ички эмгек рыногу корголсо четтен келип бизде иштегендердин ордуларын коргой албайт беле? Ал коргомок түгүл кордоп жатпайбы, ага мисал, канча деген иш жамааттарында  профсоюздук уюмдар жок, аларга профсоюз федерациясынан ал көз салынбайт, карама-каршылыктар пайда болсо көзөмөл болбойт. Ошонун натыйжасынан көптөгөн катардагы мүчөлөр улуттук эң чоң профсоюздук борбордон чыгып, кетип жатышат. Жыйынтыгында, профсоюз жетекчилиги өзүлөрүнүн коомдо жасалма ролун көрсөтүш үчүн миңдеген жок, же көзү өтүп кеткен адамдарды “приписка” кылып каттаттырып жүрүшөт.

Ошол эле 100 миң мүчөбүз бар деген, Агроөнөржай комплексинин борбордук комитетинде камчылап айдап келсе да 5 миң киши чыкпайт. Айтмакчы анын азыркы жетекчисине чейин, ал комитетте төрагалыкты жанагы, жогоруда айтылган Жээнбек Осмоналиев кылган. Учурунда күркүрөп жүргөн бул тармактык профсоюздук комитет өзүнүн жүз миңдеген мүчөлөрүнүн взносторунан ишин кылган, бирок жагдай өзгөрүп, алым-жуттумдар келип анын мүлкү четине сатылып кетти. Көзөмөлсүз калган мүлктүн көбү сатылгандан улам, азыр бирин-серин объектилер эле калган. Миллиондогон АКШ долларларына сатылган жерлер, үйлөрдөн түшкөн акча кайда кеткенин эч ким билбейт. Мисалы, борбордук так борборунда Караван соода борборунун артында бир чоң жер 2014 жылы сатылган. Ал мыйзамсыз кетиптир, аны алган “Авангард стиль” курулуш компаниясы жакшы эле акча бериптир. Бирок ал акча тармактык профсоюзга толук жетпей, ортодон 1 млн.долларга акча “на лево” кетип калган. Бул боюнча өзүнчө  кылмыш иши ачылат, бирок капталдан чыккан айтылуу депутат айым бул ишти да токтоткон дешет.

Азыркы күндөрү кагаз бетинде эле деми бар, бирок ишке келгенде көлөкөсү да жок, миң кишиге да жетпеген тармактык профсоюз комитеттери Кыргызстан профсоюз федерациясында арбын экенин жашырган да эмне? Бул паразит уюмдар республикалык масштабдабыз деп мактанганы чынын айтканда коомчулук үчүн маанилүү маселе деле эмес, көп болсо, — бириң башыңды бириң же дейт экенбиз. Бирок, өзүн, эң чоң уюм эсептеген, “федерация”  деп мактанган уюмду, оор мезгилде алдамчы башкарып жүргөндө түңүлөт экенсиң. Көңдөй болгон профсоюздун кеңешинин мүчөлөрү, ошону жогору жак буйрук берсе, койдой болуп маарап кол көтөргөндөрү үчүн көпчүлүгү өкүнүп жүрөт.  Өзү профсоюздук иш боюнча нөл болсо дагы, жым-жым иштери боюнча ал беш экен. Анын ишкердүү ишмердүүлүгү профсоюз уюмун саясий банкротко алып келди.

Ноябрь айынын аягында, эптеп, калтырап-титиреп чогулган айрым профсоюз кеңешинин мүчөлөрү – оңололу эми деп, өз ишин реанимация кылууга аракет кылганда. “Банщик” байкебиз баш болуп, анын шылуун шакирттери төш болуп ар кимди коркутуп-үркүтүп жана сатып алып жатып Асанакуновду эптеп алып калышты. Мейли бир белди эптеп өтүштү, бирок мындан ары иш кандай болот? Ынтымагы буга чейин деле өлөң-салаң болгон уюмдун такыр эле ыдырап калды.

Эң жаманы жана өкүнүчтүүсү, жетекчилердин коммерциялык  кызыкчылыктарынын айынан катардагы эле, өмүр бою профвзнос төлөп жүргөн 10-15 жылда жолдомо алса алган, алба жок болгон мүчөлөр эле кыйналды. Же алардын үнүн эч ким укпайт, айласы кетип акыры алар, Бишкектин Фучик жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде  эптеп акча чогултуп – “Урматтуу президент Сооронбай Жээнбеков профсоюздарды сактап калыңыз” деп баннер илишсе, 1 күндөн кийин Асанакуновубу, же анын аялыбы, кыскасы алдыртып салышты.

Сөздүн жыйынтыгында КСДП качан ууру, аферисттерден кутулат, деги кутулабы? Же дагы эле Асанакунов өзүнүн башкы эсепчиси аркылуу профсоюздук курорттордон акча жыйнай береби? Качан бийлик укуктук баа берет элдин, профсоюз мүчөлөрү гана ээлик кылган мүлктөр сатылышына? Качан тийиштүү органдар Соцфонддон бөлүнгөн акчаны Асанакунов каалагандай  бөлүштүрүп жатканына? Андай болбосо, коррупция менен күрөш деген бул жалган, жасалма жана тандалма күрөш болуп калат?

Көзкарандысыз журналист,

Ырысбек Өмүрзаков

Булак: Майдан гезити.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу