Бийлик Бабановду алып келип, Өкмөт башчылыкка коебу?

Кечээ жакында эле интернет булактарына Бабанов менен Асылбек Жээнбеков Москвадан жолукту деген маалыматтар желдей тарады. Эмне жөнүндө кеп болгону белгисиз, бирок аны мекенине кайтып келүү маселеси көтөрүлгөн окшойт. Бирок, Бабанов да жөнөкөй инсан эмес. Ал кылмыш иштеринин жабылышынан сырткары, бери эле болгондо өкмөт башчылыкты талап кылаары турган иш. Ага бийлик көнсө өлкөнүн саясий картасында окуялар кандай өнүгүшү мүмкүн? Азыр жашап жаткан конституцияны барактай калсак эле Өкмөт башчынын ыйгарым укуктары президенттикинен да чоң. Бабанов өкмөт башчылыкка келсе ал укуктарын сөзсүз пайдаланат. Бир кезде Атамбаевдин тушунда Бабанов Өкмөт башчы боло калып, ал өзүнө тиешелүү укуктарын толук пайдаланганы эсибизде. Акимдерди кой, губернаторлорду дагы өзү билип эле алмаштырып жиберген. Ушундан улам бир аттын азабынан кызматтан чегингенге аргасыз кылышкан. Эми кандай болот? “Оңго барсаң өзүң өлөсүң, солго барса атың өлөт”- деген жомоктогудай кырдаал түзүлүп турат окшойт. Бул суроого аман турсак күз келгенде жооп алабыз.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу