Ысык-Ата районуна караштуу Красная – Речка айылында бешиктеги баласын бычак менен кескилеп, «итке бергиле» деп эшикке көтөрүп чыккан келин Аксыдагы психиатриялык ооруканада дарыланууда. Мындай маалыматты Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан тастыкташкан. «Өз баласын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген келинди 2017-жылы 12-октябрда Ысык-Ата райондук соту психикалык жактан оорулуу катары тапкан. Буга байланыштуу аны Жалал-Абад облусуна караштуу Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканасында мажбурлап дарылоо чечимин чыгарган. Учурда ал келинди аталган ооруканада дарыгерлер көзөмөлдөп жатышат. Ал оор кылмыш жасагандыктан күчөтүлгөн тартипте кайтарылат» деп маалымдаган басма сөз кызматынан.
Булак: Азия Ньюс