Бетти агартуучу маскалар…

Бетти витаминдер жана микроэлементтер менен азыктандырган маскаларды сизге сунуш кылабыз.

Майлуу беттерге арналган маска

Ал үчүн эки чай кашык бал, 20 тамчы лимон согу жана бир чай кашык сметананы кошуп жакшылап аралаштырасыз. Даяр болгон аралашманы бетиңизге жыйырма мүнөт коёсуз. Андан соң жылуу суу менен жууп салуу кажет.

Аралаш беттерге арналган маска

Аралаш беттерге жүзүмдөн жасалган маска жардамга келет. Жети даана жүзүмдүн терисин аарчып, ичиндеги сөөгүн чыгарып, ага бир чай кашык сметана кошуп аралаштырасыз. Аны дагы бетиңизге жыйырма мүнөт коёсуз. Кийин жылуу суу менен жууп салуу кажет.

Кургак беттерге арналган маска

Бир жумуртканын сарысына, эки чай кашык сүт жана эки чоң кашык сулуну (овсяное хлопье) кошуп аралаштырасыз. Ал масканы дагы бетиңизге жыйырма мүнөт кармап, кийин жылуу суу менен жууп саласыз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу