Бетиңиз кургак болсо. Анда…

Беттин териси жетишээрлик сууланбаган учурда, тери кургай баштайт. Теринин бат-баттан кургоосу бырыштын түшүүсунө себеп болот. Өзгөчө отуз жаштан кийинки айымдарда териси бат-баттан кургоону байкоого болот.

Териңизди сууландырып жана жылмакай кылып койгон масканы сизге сунуш кылабыз.

Ал үчүн сиздерге бал жана банан керектелет. Банан антиоксидантка ээ болгондуктан бетти тазалоочу каражатка ээ. Ошол эле учурда курамы кальций жана калийге ээ болуп, терини түрдүү витаминдер менен азыктандыртат.

Бал болсо сонун антибактериялык каражат.

Керектелүүчү азыктар

Бир даана банан, үч чай кашык бал жана бир чай кашык үй шартында жасалган айран.

Даярдоо жолу

Эң алгач бананды аарчып, ботко сыяктуу эзип алабыз. Ага бал жана айранды кошуп аралаштырабыз. Даяр болгон аралашманы бетиңизге массаж жасоо ирээтинде сүйкөйсүз. Андан соң жыйырма мүнөттөн кийин, жылуу суу менен жууп салуу жетиштүү.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу