Батукаев өлкөдөн чыгарылганда Феруза Жамашева Жогорку соттун төрайымы болчу. Эмне, сүттөн ак беле?

 

Кыргызстандан Азиз Батукаев чыгарылганда Феруза Жамашева Жогорку соттун төрайымы болуп турган. Учурда башкы прокурор Аида Салянова, ж.б. айыпталган сот, дарыгерлер камалып аткан соң, мыйзам баардыгына тегиз иштеш керек эле. Агездеги күч органдарынын куратору, вице-премьер-министр Шамил Атаханов камалып чыкты, Зарыл Рысалиев болсо ооруканада. Мындай шартта өтө оор кылмыштарды жасаган Батукаевди чьгарып жиберген жетекчилерге тандоо жолу менен алалап мамиле кылуу кайсы логикага сыят? Эмне үчүн агездеги Жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашевадан мыйзам кыйгап өтүүдө? Эгерде шектүүлөргө кылган иштерине жараша айып коюлуп, адилеттүү алкакта тергөө иштери жүрбөсө, коомчулукта нааразычылык күчөп кетпейби?

Булак: Азия ньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу