Чыдап жашайын десем да кайненем күйөөмдү бузуп мени урдурат…

Турмушка чыкканыма жети жыл болду. Биз кыз- жигит катары сүйлөшүп жүргөн убакта күйөөм мага чечкиндүү, жоопкерчиликтүү адам катары туюлчу. Баш кошконубуздан көп өтпөй эле анын ата-энесинин сөзүнөн чыкпаган, өз алдынча бир байпак да сатып ала албаган адам экенин билдим. Кайындарым башынан эле биздин мыйзамдуу түрдө никебизди каттатып, нике күбөлүгүн алышыбызды каалашпады. Себеби ажырашсак, мүлкүн бөлүп алат экенмин. Жаңы келин болуп келгенде мындай сөздү угуп ыза болуп аябай ыйлагам. Бирок айла жок жашап калдым. Кудайга шүгүр, үч балалуу болдук. Балдарымдын баары эле атасынын фамилиясында, бирок алардын түйшүгү, чыгашалары бүт менин мойнумда. Кайын журтум колунда бар туруп эч нерсе алып беришпейт. Бир нерсе алып берген мындай турсун, ушунча болуп кайнатам менен кайненемдин неберелерине жылуу сүйлөп, чекесинен өпкөндөрүн көргөн жокмун. Колунда бардай болуп бапырап жашашпайт, акчаларын ката эле беришет.  Өзүм эптеп иштеп тапкан акчамды балдарым менен өзүмдүн кийим-кечебизге, оокат- ашыбызга жеткирип жашап келем. Анысына көз жумуп жашай берейин десем, кайненем күйөөмдү бузуп мени урдурат. Баласын менден кадимкидей кызганат. Кээ бир күндөрү мага өчөшсө өзүнүн жанына төшөк салып баласын жаткырып алат. Кайнатам дагы такыр үндөбөйт. Айтор, абдан тажадым. Күйөөмө болсо баары бир, балдарына деле мээрим төгүп койбойт. Эмне деген үй-бүлөгө туш болгом, билбейм. Акыркы күндөрү оюмдун баары мындай үй-бүлөдөн кутулуу болуп калды. Бирок ажырашсам загс жок балдарыма энчи бөлдүрө аламбы? Күйөөмдү балдарыма алимент төлөтүүнүн жолу барбы?

БУЛАК: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу