Балаңыздын маанайынын жоктугуна эмнелер себеп болушу мүмкүн?

Эгерде балаңыздын маанайы жок болуп, чөгүп, окуудан жетише албай жатса, анда төмөнкү нерсеге көңүл буруңуз. Муну адистер аденоид (мурун-кулкун бездеринин өтө чоңоюп кетиши) менен сыпаттайт.

Бул оорунун алгачкы белгилеринде мурун менен дем алуу начарлайт, мурундан суюктук көп чыгат жана кулкунду карай агат. Балдар, демейде коңурук тартып, оозун ачып, тынчы жок уктайт. Өзгөчө эмчектеги балдар эмчек эме албай кыйналат. Кээде мурун бүткөндөн улам, кулактын угуусу дагы начарлайт.

Мезгили менен начар угуу, сабыры суздук, маанайдын пастыгы, балдардын акыл-эс жагынан артта калышына себеп болот. Балдардын кичине кезден бул ооруга кабылуусу көпкө чейин сүйлөй албай калуусуна алып келет, мектеп окуучулары сабакты начар өздөштүрөт. Ошондуктан, адистер бул ооруну канчалык эрте алдын алса, ошончолук жакшы натыйжа бере тургандыгын эскертет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу