Баласынын жытына тойбой кеткен ата…Садыр Жапаровдун атасы Нургожо ата дүйнө салды

Садыр Жапаровдун атасы Нургожо ата узакка созулган оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу  «Мекенчилдер» партиясынын тең төрагасы Мелис Аспеков билдирди.

Мыйзам боюнча, ГСИН Садыр Жапаровго атасына барып топурак салганга уруксат бериш керек.

Мыйзамды уруп ойнобогон бийлик Садыр Жапаровго карата куугунттугун улантып атасы менен коштоштурбай койобу? Же баягы зөөкүрдүк мамилесин улантабы аны көрө жатаарбыз…

Атанын муңга батып арман менен баласынын жытына моокуму канганча бир искеп албай кучагы толбой кеткени баарыбызды өкүндүрөт..

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу