Баланын аң сезимин таасирленткен беш сөз…

Албетте ар бир ата-эне өз баласын акылдуу болуп чоңоюшун каалайт. А бирок ошол эле учурда айрымдары балдарын өтө жакшы көрүп эркелетип же көп башкаруу менен баланын өз алдынча болуусунан ажыратып коюда. Төмөнкү алты сөз баланын өз алдынча болуусуна жолтоо болмокчу.

Мен билемин

Ата-энелер көбүнчө балдарын аны кылба, муну жаса деп жатып баланын өз алдынча ой жүгүртүүсүнөн ажыратып коёт экен. Мисалы, көк көйнөгүңдү кийбе, ак көйнөгүңдү кий же ал үй-бүлөнүн баласы менен ойнобо деген сыяктуу. Бул учурда сөзсүз түрдө ата-эне баласын жакшы болсун деп иш алып барып жатканы менен баласы өз башы менен чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

Эч кимге ишенбе

Жаш балдар кичинесинен абдан ишенчээк келишет эмеспи. Ошондуктан алар ким жакшы, кимдин жаман экендигин айырмалай албайт. Балдарга ишенимдүү чөйрөнү куруп берүү бул ата-эненин милдети. Анткени жакшы мамиле чөйрөдөгү ишенимдүү адамдардан башталат.

Сен эң кымбатымсың

Бул түргө кирчү сөздөр абдан эле көп. Мисалы, “Сен биздин ханышабызсың”, “Сен абдан сулуусуң”, “Сен эң акылдуусуң”,-деген сөздөр баланын аң-сезиминде бир гана мен акылдуу, сулуу экенмин деп орноп калат. Турмуш ансыз да сыноо. Себеби, өмүр бою баланыңызды мектепке же университетке барганда аны эч ким сизчелик мактабайт, дегенибиз балаңыз даяр. Оңой оокатка көнүп алат деген сөз.

Ары кетчи… Мен өзүм кыламын

Албетте, кичине балдар коомдогу нерселердин бардыгын даамдап жана аны кармап көрүүгө шашат. Бул учурда балким балаңыз бир идишти сындырып алышы мүмкүн же оюнчуктарын чачып ж.б.д.у.с. Мындай шартта сиз ага жардам бербестен, кайра өзүн жыйнатканыңыз оң. Эгерде өзүңүз жыйнай берсеңиз, бала ошого көнүп, жашоодогу өз алдынча болуу укугунан ажырайт.

Сенин айыңдан биздин жашообуз болбой калды

Мисалы, “Сенин айыңдан мен сулуулугумдан ажырадым”, “Сенин айыңдан мен өз максатыма жетпей жатамын”, “Сениң айыңдан атаң бизди таштап кетти”,-деген сөздөрдү айтуу туура эмес. Бул жерде ымыркай балаңыздын эч кандай күнөөсү жок. Мындай сөздөр баланын өзүн-өзү сыйлоо сезимин жоготууга таасирин тийгизет. Ошондой эле балаңыз өзүн өмүр бою күнөлүү сезип өтмөкчү.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу