Бактыгүл Бадыева: «Эки кызымда топтогон тажрыйба менен үчүнчү кызымды кыйналбай багып жатам»

-Алгач ирет эне болгон кезиңиз менен үч кыздуу болгон кезиңиз окшошпосо керек?
-Тун кызымды төрөгөндө эки апамдан,эжемден билбегендеримди сурачумун.Экинчи кызымда бир топ тажрыйба топтодум.Ошентип эки кызымда топтогон тажрыйба менен үчүнчү кызымды маселесиз багып жатам.Азыр деле кээде кеңешке муктаж болуп калам.Андайда жакындарым, тааныш доктур эжелер кеңеш берип, жардамга келишет.Анан заманга ылайык, Кудай берген интернет бар эмеспи.Билбегенимди ал жакка жазып, интернет колдонуучулардын комментарийлерин толук окуп көп нерсени билип алам.

-Азыр сасык тумоо катуу жүрүп жатпайбы, кыздырыңызды кантип коргойсуз?
-Пияз менен сарымсак вирустарды мыкты өлтүрөт эмеспи.Күз мезгилинен баштап кышы бою үйүмдүн ар бир бөлмөсүнө туурап коюп коём.Балдарыбыз үчүн жытына деле чыдап коёбуз.Эртең менен жана кечинде үйдү сөзсүз арчалайм.Үйгө бирөө келгенде кыздарымдын мурдуларына вируска каршы мазь сүйкөп коём.

-Кызыңызды канча убакытта бир эмизесиз?
-Кызымды негизи эки жарым, үч саатта бир эмизип турам.Жумуштарым чыгып калганда эмизип коюп эки саатка таштап кетем.Эненин сүтүнүн балага пайдасы зор.Ѳзүм да бала эмизүүдөн ырахат алам.Бул учурда бала менен эненин ортосундагы байланыш күчөйт.Эмизип жатканда кызымды башынан сылап жакшы көрөрүмдү айтып, эркелетип, «бактылуу, ден соолукта бол, өмүрүң узун болсун» деп батамды берем.

-Кичинекейиңизди эжелеринин ызы-чуу оюнунан алыс кармап уктатасызбы?
-Бала эненин курсагында жатканда эле сыртта эмне болуп жатканын сезет.Мен кош бойлуу кезимде жолдошум кызы менен сүйлөшчү.Өтө ызы-чуу жерлерге же жанымда колонка турса барчу эмесмин.Уктап жатканда дабыш чыкпашы керек дегенге да толук кошулбайм.Себеби бала тынч уктаганга көнүп калат да, кичине дабыш чыкса эле чоочуп ойгонуп кыйнала берет.Ошондуктан кыздарым кичине кезиндеэле эртен менен классикалык музыкаларды коюп уктата берем. Кичүү кызым уктап жатканда эжелери жанында ойноп, сүйлөшүп жүрө бергенге көндүргөм.

БУЛАК: Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу