БАКТЫБЕК КАЛМАМАТОВ, ЭКС-ДЕПУТАТ:- «Өзүнө жүктөлгөн ишти парламент толук аткара албай калды».

Парламенттин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

Парламент — шайлануучу органы. Ошондуктан, парламенттин жакшы же жаман иштеши элден көз каранды. Дегеним, эгер парламент жакшы иштесе эл татыктуу адамдарды депутат кылып шайлап алган десек болот. Эгер парламент начар иштесе, анда эл татыксыз адамдарды шайлап алган дегенди билдирет. Өзүнө жүктөлгөн ишти парламент толук аткара албай калды. Мунун ар кандай себептери бар. Саясий кырдаалдар жана парламенттин курамы себеп болуп жатат. Артында калбыры бар депутаттардын жалтак болуп жатканы чоң тоскоол жаратып жатат. Элдин жоопкерчилиги парламенттин иш аткаруусунда чоң болуп эсептелет. Шайлоочулар эч качан добуштарын сатпаса,татыктуу адамдар парламентке келет жана биз күткөн жыйынтыкты беришмек.

Булак:Факты кж

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу