Бактыбек Калмаматов, экс-депутат: «Баш мыйзам консти- туциянын атасы болуп саналат»

Баш мыйзам түз иштейт. Ал эч качан бурмаланбашы керек. Экс-президенттин кол тийбестигин алуу жагы да ошол мыйзамда так көрсөтүлгөн. Баш мыйзамдын 16-беренесинде бардык жарандар кылган кылмышына карата бирдей жооп бериши керек деп жазылган. Жогорку Кеңеш экс- президенттин кол тийбестигин гана албастан, Жогорку Кеңеш Атамбаевдин убагындагы башкаруунун статусун аныктап бериши керек. Толгон токой мыйзам бузуулар болгон. Абсолюттук узурпация болгон. Мунун айынан мыкты саясатчылардын көбү камакта отурат. Баш аламандыктарды мыйзам жүзүндө иликтеп чыгуулары керек. Кол тийбестигин кайсынын негизинде караганы жатышканын билбейм. Бирок Баш мыйзамдын 16-беренесинин 3-пунктуна ылайык жасаган иши үчүн мыйзам алдында бардык адам жооп бериши керек.

БУЛАК: Факты.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу