Базарбай Мамбетов, мурунку вице-премьер-министр: «Атамбаевдин 60 жылдыгына сырттан «Жерүйдү» алган Муса Бажаевге окшогон 12 конок келген»

— Базарбай Эстебесович, өткөн маегибизде энергетика тармагыбыз башка өлкөлөрдөн 20 жыл артта калды деп токтогон элек. Маегибизди ошол жерден улантсак кандай дейсиз?

— Макул.

— “Датка”, “Кемин” подстанциялары, “Датка-Кемин” электр өткөрүүчү линияны куруу үчүн Максим Бакиев Кытайга барганда 190 млн долларга сүйлөшүп келгенин, Атамбаевдин учурунда бул баа 389 млн долларга көтөрүлүп бааланганын айткансыз. 190 млн долларга ушул үч ири долбоорду бүтүрсө болот беле?

— Мен бул долбоорлордун сметасын санаган жокмун да. 2009-жылы Максим Бакиев Кытайга барганда 3 долбоордун баасы 190 млн доллар деп баалаган. Энергетика министрлиги эсептеп чыкса керек. Максим келесоо эмес да. Баарын эсептеп жасаган болуш керек. Анда 190 млн долларды ошол эле кытайлык Инэксимбанк Кыргыз Өкмөтүнө кредит катары бермек болот.

 386 млн долларга Бишкек ТЭЦинин үчтөн бир бөлүгүн жаңылоо реалдуулукпу?

— Ошончо акчага ТЭЦтин үчтөн бир бөлүгү гана реконструкция болуптур. 386 млн долларга бүтүндөй ТЭЦти жаңылып койсо болмок. Булар болгону 2 агрегатты жасашыптыр. ТЭЦте 12 агрегат болсо, аны азайтып 8 агрегат калтырышыптыр. Кытайлыктар 8 агрегатты алмаштырышы керек болсо, болгону экөөсүн гана алмаштырышкан. Тажиктер Душанбеде 350 млн долларга жаңы ТЭЦти куруп коюшту. Кубаттуулугу 600 МВт. Биздики дагы Союз маалында кубаттуулугу 600 МВт болсо дагы, эч качан 300 МВтга чыккан эмеспиз. Бул тармакты түшүнгөн адистердин ордуна эч нерседен кабары жоктор бийлеп жаткандын кесепети ушул. Айбек Калиев башканы айтса, Электр станциялар башканы айтып жатпадыбы. Эч ким эсептей алган эмес.

— Атамбаевдин тушунда ГЭС курабыз деп “РусГидро” менен келишим түзүлүп, кийин ал келишим денонсация болгон соң, “РусГидро” Кыргызстандын мойнуна 37 млн доллар карызды илип, эми эл аралык сотко берип олтурат. Ошол 37 млн доллар кайда жумшалган, эмне үчүн дайыны табылбай калды?

— Россиянын Өкмөтү биргелешкен долбоорго убада кылгандан кийин акча бөлүп, алгачкы иштер жүрө баштаган. Биздикилер келишимди денонсация кылып, жокко чыгарып салгандан кийин “РусГидро” 37 млн доллар акча сарптадык деп баалады. Кыргыз Өкмөтү бул жөнүндө жарытылуу сөз айта албады. Бизде эч ким эч нерсе кыла албайт да. Орустар 37 млн долларды төлөп бересиңер деп талап коюп, эл аралык сотко кайрылды.

— Биздикилер ошол акчаны дагы сугунуп коюшканбы?

— Ошондой да. Өзүбүздүкүлөрдө кылгылыктын баары. Эгер таза болгон болсо башкача мамиле кылышмак. Андан кийин Сапар Исаков алып келген “Лигласс” деген 37 млн долларды төлөйт дешти. “Лигласс” дагы афёра болуп чыкты. Атамбаев өзү “Башка чет элдик компаниялар Жогорку Нарын каскадын курганга кезекте турат” деп былжыраган сөздөрдү сүйлөгөн. Макул болуптур, мени, энергетика министрин жибербесин. Сметаны түзгөн ири институттар бар. Ошолордон адистерди жиберишип 37 млн долларды эсептеп чыккыла десе неге болбосун?! “РусГидро” менен түзгөн келишимди денонсация кылып таштагандан кийин бир дагы чет өлкөлүк компания Жогорку Нарын каскадын куруу үчүн келгиси жок. Келбейт дагы. Бизде стабилдүүлүк жок экенин алар эбак аңдап билишкен. Азыр дагы Атамбаев революция кылат экен деген сөздөр айтылып калууда. Мындай аракеттерди токтотуш керек. 2010-жылы Атамбаев менен чогуу орус Өкмөтүнүн мүчөлөрү менен жолуккандан кийин бир күнгө калып, өзүм демилгелеп “ИНТЕР РАО ЕЭС” ЖЧКсынын төрагасы Ковальчук менен К. Бакиев 2009-жылы Камбар-Ата‑1 ГЭСин куруу боюнча түзгөн келишимди эмне кылабыз деп жолугушуп сүйлөшмөк болгом. Ковальчук менен ага чейин жакшы мамиле бар болчу. Менин ал жакка бара турганымы экономика министринин орун басары Азиз Алиев деген билип алып, “Мен дагы барам” деп чыкты. Сени баргының деп ким айтты? Мен вице-премьер-министр болсом, азыр эч ким эмесмин, өз демилгем менен баратам, сен кантип барасың?-десем болбой кошулуп барды. Ал бала расмий өкүл да. Ковальчук төрт орун басары менен кабыл алды, алты департаменттин башчылары олтурду. Мени вице-премьер-министрдей эле тосуп алды. Ковальчук өзү 2009-жылы Камбар-Ата‑1 ГЭСин куруу боюнча түзүлгөн келишимди кайра жандандырууну баштагыла деп кишилерине айтты. Бир гана суранычы “Биргелешкен долбоорго потенциалы жогору болгон кишилерди кошсоңор. Сүйлөшкөн кишилер мага кыргыз тараптан потенциалы төмөн адамдар болуп жатканын айтышууда” деген болду.

— 2009-жылы К. Бакиев түзгөн Камбар-Ата‑1 ГЭСин куруу боюнча келишим жокко чыкканбы? Ал тууралуу эч кандай сөз болгон эмес эле го?

— 2009-жылы К. Бакиев түзгөн келишим күчүндө эле калды. 2010-жылы Бакиевди кетиришкенден кийин 2012-жылы Атамбаев Путинге “Мени менен жаңы келишим түзгүлө” деп айтат да. Путин ага да макул болот. 2010-жылы апрелде Ковальчук менен 2009-жылы түзүлгөн келишимди эмне кылабыз деп жолукканда, ал кайра жандандыргыла деп айтып жатпайбы.

— Бизде суу байлыгынан сырткары экономиканын локомотиви болчу кен байлыктар толтура. “Кумтөр” кылым афёрасы болгонун баарыбыз эле билип калдык. “Кумтөрдөн” кийинки эле алтын запасы боюнча экинчи орунда турган “Жерүй” алтын кени тендерге коюлуп, аны “Восток геодобыча” уткан эмес беле. Уткан компания менен биздин өкмөттүн ортосунда генералдык келишим түзүлгөнбү?

— “Жерүй” кенин иштетүү үчүн тендер өткөрүү боюнча атайын Положение болгон. Аны Өкмөт бекиткен. Положениеде тендерди утуп, “Жерүй” кенин иштетүү үчүн лицензия алган компания бонус катарында 100 млн доллар төлөп берет деп жазылган. Булар Положениеге атайылап тендерди уткан компания Кыргыз Өкмөтү менен кенди иштетүү шарттары боюнча генералдык келишим түзүүсү керек дегенди жазбай коюшкан. Алтынды иштетип жаткандан кийин бүт өлкөлөрдө кендин ээси менен генералдык келишим түзүлөт. Эң негизгиси ошол келишимде өндүрүлгөн продукциянын канча пайызы кендин ээсине берилет да, канча пайызын инвестор алат деп жазылат. Мына ушуну атайлап жазбай коюп жатпайбы биздикилер. Бир гана “Жерүй” эмес, 27 алтын кендин бирөөсүндө дагы жазылбаган. Ар бир кенди иштетүүдө ошентип жазбаш үчүн Өкмөт адамдарына, орун басарларына, министрлерге, Геология комитетине миллион долларлап пара беришкен. Эгер менин огородума дунгандар сабиз эксе, казылып алынган сабиздин мынча пайызы меники деп айтасың да. 2003-жылы кенди пайдалануу боюнча мыйзам чыккан. Ошону сегиз жолу алмаштырышты. Кенди иштетүү үчүн лицензия алган компания 2 жыл ичинде инвестиция таба албаса, лицензиясын башка компанияга сатып жибере алат. Бул ачык эле республикалык деңгээлдеги коррупция да.

— “Жерүйдөн” Кыргызстан эми эч нерсе ала албайбы?

— Эч нерсе ала албайт. Башында 100 млн доллар акча алган. Ал акча иштелип жок болду. Таластыктарды тынчтандыруу үчүн 100 млн сомду Ишимов айыл өкмөтүнө, 100 млн сом Талас районунун фондуна, Талас облусунун фондуна 100 млн сом беришти. Баары болуп 510 млн сом акча которушту.

— Сиз “Жерүй” алтын кени коррупциялык жол менен сатылды дегендей болуп жатасыз. Мындай ири долбоорлор президенттин көзөмөлүндө болот эмеспи. Бул ишке ошол кездеги президент Атамбаев дагы аралашканбы?

— Сөзсүз да, жеке өзү көзөмөлдөп турган. 2016-жылы сентябрда Атамбаевдин 60 жылдыгы болгон. Эки күндөн кийин АКШга Эрдогандын самолёту менен кетем деп Түркияга учуп барып ооруп калганын билесиң да. Мунун 60 жылдыгына “Жерүйдү” иштетүүгө лицензия алган Муса Бажаев конок катары келип атпайбы. Бажаевге окшогон 12 конок сырттан келген. Бул эми өзүнчө тема. Мунун баары ачыкка чыгат. Бизден Бабановго окшогон 24 киши барышкан. 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына чечендердин президенти Джохар Дудаев Таласка келген. 1944-жылы чечендер Таласка көп келишкен. Өзгөчө биздин айылга. Таластыктар Дудаевге 5–6 айылды көрсөтүшүп, согуш жылдары чечендер бизге келгенде, аларды үйлөрүбүзгө киргизип, өлүмдөн алып калганбыз деп айтышкан. Эми чечен улутундагы ири ишкер Таластын жападан жалгаз алтын кенин пара берүү жолу менен алып жатпайбы. Мен бул жөнүндө 1944-жылы кыйын кезде талас эли чечен элин өлүмдөн сактап калганы үчүн Муса Бажаев Таластагы алтын кенин пара берүү жолу менен сатып алып, өзүнүн компаниясынын кирешесин көбөйтүүнү көздөбөшү керек деп жаздым. Талды-Булак Солжээк деген алтын кен бар. Ал кен биринчи казактарга берилген. Казактардын компаниясы кытайлыктарга 76 млн долларга сатып жиберген. Мында дагы бизге бир тыйын пайда түшпөйт. Мен кен тармагы боюнча бир топ макала жазып, интернеттен чыгардым. Ушул күнгө чейин бир адам дагы “Базарбай, сен туура эмес жазып жатасың” деп айта алган жок. Кен байлыктарыбыз жең ичинен сатылып, экономикабызга эч кандай пайдасы тийбей жатат.

— Кен байлыктар жең ичинен сатылып кетсе, мурунку бийлик өлкөнүн кызыкчылыгынан өздөрүнүн капчыгын жогору коюшканбы?

— Ошентип айтса болот. Бизде кен байлыктан башка эч нерсебиз калган жок. “Кумтөрдөн” башка 27 алтын кендин баарын алдамчы компанияларга жең ичинен берип, алар менен генералдык келишим түзбөй, өндүрүлгөн алтындын канча пайызы биздин мамлекетке каларын жазбай, жалаң гана пара менен иш бүтүрө беришкендей. Бизде жалпысынан 660 кен казылып иштетилип жатат. Ушунун бирөөсү да жарытылуу салык төлөбөйт. Жоомарт Оторбаев премьер-министр болуп турганда иштеп жаткан кендерден бюджетке болгону 882 млн сом салык түшө турганын айткан. Бул деген кендерди иштеткен компаниялар эч нерсе төлөбөйт дегенди билдирет. Себеби, ар бир кендин үстүндө депутаттар, министрлер олтурат. Бир депутат Ноокатта 8 кендин ээси экен. Бул эмне деген шумдук? Бизде кенди иштетүүгө лицензия алган компаниялар эч нерсе кылбай туруп эле, дүйнөлүк биржаларда акцияларын сатып турушкан.

— Сиз Бакиевдин учурундагы окуяларды айтып жатасызбы?

— Мындай көрүнүш Бакиевдин учурунда дагы болгон. Айрыкча Атамбаевдин учурунда көп катталган. Андаш деген кенди австриялык компания эч нерсе кылбай туруп эле 80 пайыз акциясын дүйнөлүк биржада сатып салыптыр. Кандай жол менен сатканын эч ким билбейт. Геология комитети да билбейт. Кандайча билбей калышат? Азыр бюджетибиздин киреше бөлүгү 140 млрд сом эле. 660 кенден 882 млн сом түшөт деген уят иш.

— Тышкы карызыбыз 4 млрд доллардан ашты. Мурунку президенттин учурунда 2 млрд доллардан ашык насыя алынды. Насыя алуу саясатындагы негизги жаңылыштык эмнеде болду?

— Атамбаевдин насыя алуудагы негизги жаңылыштыгы эл аралык каржы институттар бизге канча суммадагы каражат керек болсо бере беришет, кийин карызды кечип жиберишет деп ойлогонунда болду. Россия, Түркия карыздарын кечип жиберишпедиби. Башкалар да ошентип кечип жиберет деп ойлоду. Биз Токтогул, Күрп-Сай, Үч-Коргон ГЭСтерин толук реконструкциядан өткөрүү үчүн акча алып, профилдик компанияларга берип, оңдошубуз керек. Муну да жасаганыбыз жок. Токтогул ГЭСине 170 млн коротулду. Дагы 270 млн керек. Ушунча карыз алсак дагы Камбар-Ата‑2 ГЭСин куруп бүтүрбөдү. Ал ГЭС 1984-жылдан бери курулуп келатат. Тажиктер “Рогун” ГЭСинин курулушун 5 жыл мурун баштады эле, быйыл эки агрегатын ишке бергени турушат. Биз энергетикалык коопсуздуктан чыктык деп мактанганыбыз менен иш жүзүнө келгенде эч нерсени көрсөтө албайбыз. Алынган насыялардын көпчүлүгү жетекчилердин алкымына кирип кеткен.

— Алкымы жаман жетекчилер менен күрөш жүргүзүүнү Атамбаев дагы, Жээнбеков дагы негизги иши катары көтөрүп чыкты. Экөөсүнүн коррупция менен күрөшүндө айырма барбы?

— Ачыгын эле айтыш керек. Коррупция менен күрөштө натыйжа жок болуп жатат. Жээнбековдун аракети күч. Бирок, өзү жалгыз эле күрөшкөндөй болуп жатат. Бай адамдар мыйзамдан, түрмөдөн коркот. Таза эместерге кылмыш ишин ачып, олтургузуп койсо баары айтып берет. Эч жакка бара албайт. Коррупционерлерди бир жарым айдын ичинде эле сурап, айыбын коюп, ишти сотко өткөрүп, ишин карап койсо болот. Калиев, Артыкбаев, Исаков, Сатыбалдиев, Кулматовдордун иши кечеңдеп кетти. Алардын ишин эртерээк бүтүрүп, элге мыйзамдан эч ким качып кутула албайт дегенди түшүндүрүү керек. Атамбаевдин тушунда коррупция менен күрөшүү болгон жок. Тескерисинче, Атамбаев коррупционерлерди өзүнүн тобуна кошуп алды. Азыр коррупция менен камалгандардын баары ошонун адамдары. Ушундан эле мурунку президент коррупция менен кандай күрөшкөнү тууралуу жыйынтык чыгарса болот.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу