Бабанов мырза, Акаев доорунда төлөбөй койгон 743 млн салыкты качан төлөйсүз?

Өмүрбек Бабанов өзүн ири ишкер катары, ошол ишкерлиги менен гана байыган адам катары коомчулукка көрсөткүсү келе берет. Анын пиар-технологдору да коомчулукка ошондой пикирди таңуулашат. Бирок, реалдуулукта Бабанов рейдерлик баскынчылык менен даяр бизнестерди тартып алып байыган шылуун экени талашсыз. Анын рейдерлик баскынчылыгынан тышкары дагы мамлекетке салык төлөөдөн качуу аркылуу да миллиондорду өз чөнтөгүндө калтырган жагдайы бар экен.

Кепти түшүнүктүү кылып айтып берели. Тээ Кыргызстан эгемендик алган жылы тактыга конгон Аскар Акаевдин доорунда «Манас» аэропортунда жайгашкан америкалык «Ганси» авиабазасына күйүүчү майларды «Manas International Services Ltd» жана «Aalam Services Ltd» аттуу эки компания ташып жүргөн. Ал компаниялар Акаевдин үй-бүлөсүнө жакын адамдарга таандык болгонун да көпчүлүк билет эле.

Күйүүчү майларды ал америкалык база күнүнө тонналап алып келгенин да жашыра албайбыз. Демек, ошол компанияларга ээлик кылган адамдардын чөнтөгү күнүнө ири суммадагы каражатка кампайып келгенин түшүнө берсек болот.

Ошол убакта америкалыктар «Манас» аэропортундагы база үчүн ижара акысын арзан баада эле төлөп келишкен. Мунун сырын көпчүлүк кыргызстандыктар биле алчу эмес. Көрсө, ал жерде мындай «секрет» болгон экен: Америка тарап база үчүн ижара акысын базар баасынан төмөн төлөгөн, ал эми жогорудагы эки компаниядан күйүүчү майларды базар баасынан жогору баада сатып алган. Ортодогу айырмачылык Акаевдин үй-бүлөсүнүн чөнтөгүнө түшүп турган. Баарынан кызыктуусу, мында Бабановдун да үлүшү бар эле.

Акча дегенде «чымчыктын ичегисине да кан куя» билген Өмүрбек Токтогулович ошол кезде адегенде Айдар Акаев менен достошуп, аны кымбат баалуу ресторандарда сыйлап, кымбат белектерди берип жүрүп Акаевдин үй-бүлөсүнүн ишенимине кирген. Анан ал бал тилге салып атып, жогоруда аттары аталган эки компания аркылуу «Гансиге» күйүүчү майларды ташууну жолго койгон. Андан түшкөн кирешенин 50%ын Бабанов өзү алган.

Кийин Акаев өлкөдөн куулуп кеткенден кийин депутаттык комиссиянын жана салыктын текшерүүсүндө «Manas International Services Ltd» ЖЧКсы 743 миллион сом өлчөмүндө салыкты жашырып жүргөнү билинген. Муну тастыктаган документке ошол убакта мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган А. Касымалиев кол койгон. Анын негизинде Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон. Анан аталган кызмат Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетине запрос менен кайрылган. Ага жооп кылып, комитет кылмыш иши туура козголгонун жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында эркин экономикалык зона боюнча» мыйзам бузулганын, карыз мамлекет бюджетине кайтарылышы керектигин билдирген. Ал документке ошол кезде аталган комитетти жетектеп турган А. Келдибековдун колу коюлган.

Демек, Бабанов Акаев доорунда бир эле ушул компаниядан мамлекетке 743 млн сом салык төлөбөй койгон. Дагы деле төлөй элек. Эгерде башка компанияларын текшерүүгө алсак, анда анын мамлекетке салык түрүндө төлөбөй койгон каражаттарынын суммасы миллиарддарды чапчышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу