Аял затына күч-кубат бере турган таасирлер

Ар бир адамдын өз энергетикасы болот. Аял затынын энергетикасы эркектерге караганда кубулуп турат. Аялдардын энергетикасын бир калыпта кармап туруш үчүн эмне кылыш керек?

Карым-катнаш

Аял заты бирөө менен тил табышып, сүйлөшүп, чер чазбаса, анда анын көңүлү жай албайт. Алар ичиндеги болгон нерсени бирөөгө айтып, кеңеш алууга ар дайым муктаж. Мисалга, жакын курбусу менен жолугуп, сүйлөшүп алса, анын энергетикасы кадимкидей калыбына келет.

Көз жаш

Сезимтал адамдын болор болбос нерсеге жашын төгүү болуп эле турган нерсе. Дал ошол сыяктуу аялдар дагы ыйлап алган соң, кадимкидей жеңилдей түшөт экен.

Жардамга кол сунуу

Назиктик менен сезимталдык аял затынын ажырагыс сапаты. Арийне, бардык эле адамга кол сунуп, жардам бере албайбыз. Эң эле жок дегенде жакындарыбызга жардам бере турган болсок, жан дүйнөбүз тазара түшөт.

Ырдоо

Адам ырдоо менен ичиндеги ызаны чыгарып алса болот. Эгер жакын адамыңызга иренжип, ызалансаңыз, аны урушкандын ордуна ыр ырдап жеңилдеп алыңыз.

Өзүн кароо

Энергетикаңызды тазартам десеңиз, эң алгач өзүңүздөн баштаңыз. Дүкөндөн өзүңүзгө жаккан жыпар-жыттуу самын, шампунь, гель, скраб жана маскаларды сатып алыңыз. Дем алыш күндү “Спа-күн” деп жарыялап, сатып алгандарыңызды колдонуп, өзүңүзгө көңүл бөлүңүз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу