«Ачык саясат» гезитинин тагдыры татаалдашып турат…

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев «Ачык саясат» гезитин Октябрь райондук сотуна берип, учурда соттук отурум жүрүп жатат. Алгач ал гезиттен 300 миң сом доолаган, кийинки отурумда доону бир миллион сомго көтөрдү. Ал былтыр 2018-жылы август айында жазылган «Кожобекти иттен чыгарып коюшту» деген алакандай макалага теригип, арадан бир жылга чукул убакыт өткөндө сотко берип жатканы эмнени каңкуулайт? Албетте бул жерде оппозициялык маанайда бийликке сын айтып келген «Ачык саясат» гезитине карата кысым болуп жатканы белгилүү эле болуп турат. Шамал кайдан согуп жатканын сезип турабыз. Сөз эркиңдигине карата басым, эркин гезиттерди миллионго жыгуу мыңдан он жыл мурда Бакиевдердин бийлиги тушуңда күч алган.

Бакиев бийлиги мындан мурда маркум Бабырбек Жээнбеков башкы редакторлук кылган «Ачык саясат» гезитин беш миллион доого жыгып, натыйжада гезит жабылууга дуушар болгон. Азыркы учурда Кожобек Рыспаев кайрадан эле ошол «Ачык саясаттан» миллион сом доолап, ар намысын, абийирин коргоп жатканы кандай? (Бул жерде саясий күчкө курал болуп берип жаткан жокпу?). Ал тууралуу макала өткөн жылы өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу жазылган. Кожобек Рыспаевдин саясаттагы туруксуз позициясы, кырдаалга жараша ойт бермейи, принциби жоктугу, партиядан партияга өткөнү көрсөтүлгөн. Арадан жарым жылдан ашык убакыт өтүп, кокусунан Кожобек Рыспаев ойгоно калып ар намысын коргоого өткөнү өтө эле таң калычтуу болуп турат. Деги эле Кожобек тууралуу азыркы жана мурдагы бийлик тушунда өлкөдөгү ММКлардын бир тобу сын көз караш менен макала

жазып сындап келишкен. Бирок ошолордун ичинен тандап туруп, бир гана «Ачык саясатты» сотко берип, бир миллион сом доолап жатканы саясий негиздерге байланыштуу деп билебиз, Анткени «Ачык саясат» гезитинин редактору Назгүл Мамытова саясатта оппозициялык талаада маалымат таратууда активдүүлүгүн көрсөтүп, бийлик тараптын баш оорусу болуп келет. Алмазбек Атамбаевдин СДПК партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү. Ал эми Кожобек Рыспаев СДПК партиясынын саясий кеңешинин чечими менен былтыр 2018-жылы 29-августа партиядан чыгарылган. Кожобек сотко берип, ар намысын коргогусу келген макала да ошол мезгилде, ошол айда саясий кырдаалга байланып жазылган.

Учурда Рыспаевдин «Ачык саясатты» сотко берип, бир миллион сом талап кылып жатканы тууралуу маселе социалдык туйүндөрдө чоң талкууга алынып, коомдук пикир жаралууда. Ошондой эле бийликке иштеген жүзүн жашырган фейсбук социалдык тармагын колдонуучулары «Ачык саясат» гезити жабылышы керек деген сыяктуу маалыматтарды жарыялап баштады. Демек, гезит менен Кожобектин ортосундагы соттук иште саясий сыр бар деп билебиз. Биз ошого карабастан, ишти караган судья Майрамкүл Дүйшембиева акыйкат, калыс чечим чыгарат деп үмүт кылабыз жана ишенип турабыз. Анткени биздин өлкө сөз эркиндигин сыйлаган демократиялуу өлкө болушу керек!

Булак: «Ачык саясат плюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу