Ачык кийимчен депутат бүт дүйнөнүн көңүлүн бурду. Сүрөттөр

Бразилиялык депутат (сенатор) Ана Пауло да Силванын инаугурациядагы ачык кийими интернетти жарды. Көкүрөгү ачык кызыл кийимчен аялга бир эле учурда суктанып да, шылдыңыдап да жатышат. 

Мекенинде Паулинья деген ат менен белгилүү саясатчыны расмий жайда сексуалдуулугун көрсөткөнү үчүн сындашты. Айрымдар “анын кандай кийингени эмес, эмне жумуш кылганы маанилүү”, – деп аялга колдоо көрсөттү.

Дагы башкалары болсо “эми Бразилия АКШ президенти Дональд Трамптын чет элдик сапарларындагы биринчи өлкө болот” деп тамашалап жатат.

Бирок көпчүлүк да Сильва мынтип ачык кийинүү аркылуу аялды сексуалдык объектке айлантууда деген терс пикирин айтты.

Паулинья болсо өзүн феминистка деп эсептейт, а ачык кийими аркылуу саясатта аялдар өз тандоосуна карата эркин экенин эркектердин эсине салгысы келген.

Булак: Калыс Медиа 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу