Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоодон баш тартып, президенттин мураскерин колдойбу?

Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоодон баш тартып, президенттин мураскерин колдоору тар чөйрөдө каңкууланыптыр.
Өткөн жылдын күз айынын аягында үч саясатчы Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев (трио) биригип маалымат жыйын өткөрүшкөн. Анда, үчөө президенттик шайлоого бир талапкер алып чыгып, аттана турганын айтышкан. Бирок, ушул күндөрү үчөө үч жакты карап, ыдырай баштаганы байкалууда. Булар бириккенден бери, бул үчөөнүн кабары дайынсыз болуп кеткен. Көрсө буларды ич-ара пикир-келишпестиктер аралап жаткан имиш. Ал эми ишенимдүү булактарга таянсак, Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоого талапкерлигин койбой, президенттин мураскерин колдомок болуптур. Эгерде анын президенттикке талапкерлигин берки экөө колдобой турган болсо. Анын мындай чечимин Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев азырынча уга элек экен.

Эгер, бул маалыматты жалган десе, ай өтпөй Ахматбек Келдибековдун кадамдарынан байкасаңыздар болот.

Ошентип бул «трионун» союзу туулбай жатып, туурасынан кетткени калдыбы?

Булак: Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу