«Ата-Мекен» фракциясы учак кырсыгынан жабыркагандарга жардамдашуу чараларын талкуулады

Жогорку Кеӊештин «Ата-Мекен» фракциясынын кезектеги жыйынында ушул жылдын 16-январь күнү таӊга маал катталган авиакырсыктын кесепетинен жабыр тарткан Дача-СУ конушунун тургундарына жардам көрсөтүү боюнча топтолгон каражаттар жана алардын бөлүштүрүлүшү талкууга алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 30-марттагы маалымат боюнча 100 млн 401 миӊ сомдун тегерегинде каражат келип түшкөн. Андан тышкары, Түркиялык «ACT Airlines» компаниясы Боинг кырсыгынан жабыркагандарга компенсациянын бир бөлүгү катары 600 миӊ АКШ долларын которгон.

Эске салсак, өкмөттүк комиссиянын иликтөөсүнө ылайык учак кырсыгынан Дача-Су айылында 19 турак-жай жабыркаган. Учурда топтолгон каражаттарды калыс бөлүштүрүү маселелери каралууда.

Жыйын алкагында фракция мүчөлөрү катталган укчак кырсыгы аба майдандын жанында турак-жайлардын жайгашышы кооптуу экенин белгилеп, жабыркагандарга жардамдарды калыс бөлүштүрүп берүү менен, Дача-СУ айылындагы 260 түтүндү башка жерге көчүрүү маселесин да карап чыгуу зарыл деген пикирге келишти.

Булак: asianews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу