“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет ШЫКМАМАТОВдун Башкы прокурордун отчетундагы билдирүүсү

— Урмуттуу Башкы прокурор, бүгүн сиздин ишиңиздин жылдык отчетун уктук. Ишиңиздин күнгөйү да, тескейи да бар. Күнгөйү –коррупция менен күрөшүү иштеринде эффект бар. ТЭЦ, Музей, шаардагы жер участоктору сыяктуу айрым резонанстуу иштер боюнча кылмыш иштерин ачып, жыйынтык чыгарып жатканыңыздарга коомчулук туура баа берүүдө. Буларды айта кетпесек болбойт. Бул силердин коррупция менен реалдуу күрөшүп жатканыңардын белгиси. Анын үстүнө “Ата Мекен” фракциясы да өз убагында бул маселелерди айтып чыкканбыз.

Ал эми ишиңиздин тескейи жөнүндө айтсам. “Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин 6 жолку депутаты, КРнын мыйзамдарынын дээрлик 60-70 пайызына тикелей жана түз тиешеси бар Текебаевдин мыйзамсыз камакта жатышы, анын ишинин кайра каралышына бут тосулуп жатышы.

Урматтуу депутаттар, Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн тарыхында Текебаевдин орду зор, бул факт. Бул кишинин парламентаризмге салымы барбы, бар. Саясий конкуренция, оппозиция, демократия, адам укугу, сөз эркиндигинин калыптанышына, ошол процесстердин Кыргызстанда орношуна Текебаевдин салымы барбы, бар. Ким айта алат, жок деп! Эми ошол инсандын ушундай баа жеткиз эмгегине биздин мамлекеттин жообуу бул болду – жасалма иш менен алып барып, түрмөгө камап салды. Текебаевге мамлекеттин берген “сыйлыгы”, “рахматы” ушулбу?

Урматтуу Башкы прокурор, Текебаевди саясий заказ менен жанагы сиз ачкан, сиз кылмыш ишин козгогон иштерди алып чыкканы үчүн Атамбаев каматкан. Атамбаевдин сот реформасын талкалаганын айтып чыкканы үчүн, прокурорлорду кол баласындай кылып, жан сакчыларын УКМК, ИИМге алып келгенин айтканы, өзүм билемдик саясатын жүргүзүп жатканын сындаганы үчүн, импичмент маселесин көтөрүп чыгам дегени үчүн камалганын баарыбыз эле билебиз да. Азыр эми Башкы прокуратура ошол иштер боюнча иш козгоп жатасыңар. Текебаевдин айткандары туура чыгып жатпайбы. А теңи боюнча иш козголо элек, убагы келет, калганына дагы иш козголот, анткени аларда дагы кылмыш курамы бар.

Текебаевдин иши резонанстуу иш. Бул боюнча биз– депутаттар эле эмес, жалпы Кыргызстандын эли, Эл аралык адам укугу боюнча институттар дагы көңүл буруп турат. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, урматтуу Башкы прокурор, мен сиздерден саясий жоопкерчиликти сезүү менен мамиле кылууңуздарды суранам. Дайыма эле ушундай күндөр болуп тура бербейт. Тарых баа берет. Сиздин Башкы прокурор болуп иштеп жаткандагы ишиңиздин күнгөйүнө да, тескейине да убагында баа берилет. Ал сиздин репутацияга, кадыр-баркыңызга байланыштуу болот. Сиз жашсыз. Ошондуктан, сизди адилеттүү болууга чакырам!

Биз Текебаевдин ишинде беш негизги жаңы жагдайлар бар экенин көргөзүп, Башкы прокуратурага ишти кайра кароону суранып кайрылганбыз. Биз жаңы бийлик келди, адилеттик орноду, жаңы прокурор келди, эми мыйзамдуулук орнойт деп, чоң үмүт менен Текебаевдин күнөөсү жок экендигин далилдеген жаңы жагдайларды бергенбиз. Анткени, убагында сот аларга маани берген эмес. Эми ошол жаңы жагдайлар боюнча Башкы прокуратура уккусу келбей, көргүсү келбей жатат. Бул сиздерди уят кылат. Ишенип коюңуздар, эртели-кеч Текебаевдин иши мыйзамдуу жол менен каралат, ал киши реаблитация болот, акталат. Каалайбызбы, каалабайбызбы Текебаевдин иши оңолот. Убагы келет, тарых баарын жолго салат. Ошондо уят болосуңар. Сиздин убакта болгон иштер үчүн сиздин атыңызга көө жабылат, репутацияңызга шек келет. Дарегиңизге сын-пикирлер айтылат. Сиз эле эмес, президенттин атына да шек келет. Бүгүн балким ал жоопкерчиликти сезбей жатасыңар. Ошондуктан, адилеттикти оротпойлубу, ишти кайра карап чыкпайсызбы.

Ал кайсы жаңы жагдайлар: Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновго“Леонид Маевскийге ОАО “Мегакомдун” 49 пайызын сатабыз деп миллион доллар алышкан” деп айып коюлду. Мындай айып жалган экендигин 60тан ашык документ, экс-президент Роза Отунбаевабаш болгон экс-премьер-министрлер Жогорку Кеңештин экс-төрагалары, депутаттар, коомдук, саясий ишмерлер, генералдар жана башка 50дөн ашык адамдар күбө болуп, көрсөтмө беришкенине карабай, жападан-жалгыз Маевскийдин, эл аралык деңгээлдеги аферисттин, жуликтин сөзүнө ишенип, кыргыз сотунун үч инстанциясы тең Текебаев менен Чотоновду соттоп, 8 жылга кесип жиберишти. Ушул адилеттүүбү? Кыргызга аттын кашкасындай таанымал, коомдо афторитети бар адамдарга ишенбей, эл аралык аферистке ишенип, өзүбүздүн белдүү саясатчыны каматып ийгенибиз бизге абийир алып келеби?

Коррупция – кызматтык кылмыш. Анын негизги белгиси айыпталып жаткан Текебаевдин, Чотоновдун компетенциясында мамлекеттик мүлктү башкаруу, приватташтыруу укугу болуш керек. Текебаевде Конституциялык Кеӊешменин ишин уюштуруу милдети гана болгон. Чотонов өзгөчө кырдаалдар боюнча министр болгон. Мамлекеттик мүлктү башкаруу, приватташтыруу укуктары Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары Атамбаевде болгон.

Экинчи блегиси, чиновник өз бийлигинин чегинде кандайдыр бир иш-араке кылыш керек. Текебаев менен Чотонов же башка бирөө ошол жылы “Мегакомду” приватташтыруу боюнча эч бир аракет жасаган эмес. Кагаз жүзүндө да, ооз эки да. Андай демилге менен 2011-жылы апрель айында премьер-министр Атамбаев чыккан.

Сот, Текебаев менен Чотонов эч кимге – мамлекетке да, адамдарга да, ошонун ичинде Майевскийге да бир тыйын зыян келтирген эмес деп тапты.

Эми ошол акча жөнүндө айтсак. Маевский Москвадагы БТБ-24 банкындагы өз эсебинен 2010-жылдын июнь айынын аягында 300 миң доллар нак алып, аны өзүнүн коопсуздук кызматынын жетекчиси Сергей Кутуковго бергенин айткан. А Кутуков “ал акчаны Бишкекке алып келип, “Хаят” мейманканасында Модинге бергем” деп айткан. БТБ банкынын выпискасында Маевский июнь айында эле эмес, июль айында да нак акча албагандыгы көргөзүлүп турат. Сергей Кутуков ФСБнын капитанына берген көрсөтмөсүндө да “июнда дагы, июлда дагы Кыргызстанга келген эмесмин. Акча жөнүндө уккан да эмесчмин, көргөн да эмесмин” деп көрсөтмө берген. “Манас” аэропортунун берген “пассажирдик манифест” деген документинде Сергей Кутуков июнь айында Кыргызстанга учуп келбегендигин тастыктап көргөзгөн. Демек, “300 миң долларды Текебаевге бергем” деген адам жок.

А Модин “300 миң долларды Текебаевге бергем деп эч ким айткан эмес, Маевскийдин сөзүнөн улам мен ошондой ойлойм” деп тергөөдө да, сотто да көрсөтмө берген.

Эми 500 миң доллар боюнча Маевскийдин көрсөтмөлөрү мындан да абсурт, мындан да күлкүлүү. Маевский 2010-жылдын сентябрь айында БТБ-24 банкынан 500 миң доллар алып, аты-жөнүн билбеген белгисиз адамдан “Текебаевге берип кой” деп берип жибергем, ал адамдын паспортун көргөн жокмун, атын сураган жокмун, качан, кайсыл өлкөгө, Москванын кайсыл аэропортунан учуп кеткенин дагы билбейм” деп көрсөтмө берген.

Ал эми Кыргызстандын Бажы кызматы “Модиндин да, Маевский, Кутуковдун да 2010-жылы мындай чоң акча Кыргызстага алып келгендиги жөнүндө маалымат кыргыз бажысында жок” деген көрсөтмө берген. Ошого карабай, сот Маевский менен Модиндин көрсөтмөлөрүн жетиштүү деп тапкан.

Урматтуу Башкы прокурор, Текебаев менен Чотоновдун адвокаттары 2018-жылдын май айында жаңы ачылган 5 жагдай менен Башкы прокуратурага кайрылган. Башкы прокуратуранын жообу сабатсыз, өзүм билемдик менен түзүлгөн. Мисал келтирейин: Маевский Текебаев менен Өкмөт үйүндө жолуктум деген 306-кабинет Атамбаевдикиболуп чыкты. Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин, иш башкармалыктын башчысы Т.Коеналиев расмий кат менен бул жагдайды тастыктады. Бул жаңы ачылган жагдай болот.Башкы прокуратура адвокаттардын кайрылуусуна “Модин балким жаңылып, башка кабинеттикөргөзсө керек”, деп ага адвокат болуп, ошонун негизинде ишти кайра кароодон баш тарткан. “Балким Модин башка кабинетти адашып көргөздү” дегендин өзү жаңы жагдай бар экендигин 100 пайыз тастыктап турат. “Любое сомнени в пользу обвиняемого! деген принцип юриспруденциянын негизин түзөт. Бирок, сиздин прокуроруңуз, капитаныңыз чала сабаттуулугун көргөзүп, Маевскийдин, Модиндин адвокаты болуп жатат.

“Кыргызаэронавигациянын” жетекчиси “2010-жылы 13-майда Бишкектен Ошко саат 17:21де аскер вертолету учкан” деп тастыктаган расмий кат берди. Ошол вертолет менен Чотонов жана башка аскер адамдары Түштүктөгү контрреволюцияны басыш үчүн учуп кетишкен. Маевский менен Модин “Текебаев, Чотонов болуп, кечке маал “Супара” ресторанынан жолукканбыз” дейт. Чотонов Ошко учуп кеткен болсо, анын учуп кеткенин ондогон күбөлөр, аны Оштон тосуп алган ондогон күбөлөр көрсөтмө беришип тастыкташкан болсо, Чотонов кантип кечинде Бишкекте жолугууда болушу мүмкүн?

А Башкы прокуратура эмне дейт,“ал убакта ар 40 мүнөт сайын Ошко вертелеттор учуп турган. Балким, Чотонов Супарадагы жолугушуудан кийин учуп кетсе керек” деп божомол кылат. Расмий документте “ошол күнү саат 17:21убактысында гана вертолет учкан, башка учкан эмес” деп турса дагы, бет тырмаарлык кылып жатышат. Эч кандай далил келтирбейт, эч кандай документ көргөзбөйт, жөн эле божомол. Бул шалаакылык эмес, кылмыш.

“Супарада” жолуктук деген убакта Модин шаардын борборунан эч жакка чыкпагандыгын геолакациясы көргөзүп турат. Бул боюнча “НУР-Телеком” ААКтын тыянагы турат. Башкы прокуратура “билким барып келгендир” деген божомол жомогун дагы бир жолу айтат.

Сот “Маевский Модинге акчаны “Хаят” мейманканасында берген, Леонид Маевский “Хаятка”  токтогон” деп өз өкүмүндө жазды. Бирок, “Хаят” мейманканасынын администрациясы “Леонид Станиславович Маевский деген жаран “Хаят” мейнаканасына 2010-жылы токтогон эмес, Леонид Борисович Маевский деген жаран келген, ал жарандын паспортунун номери да, сериясы да Леонид Станиславович Маевскийдин паспорттору менен дал келбейт, паспорту башка, атасынын аты башка” деп көргөзүп турат. Башкы прокуратура буга дагы өзүм билемдик менен, абийирсиздик менен, “балким Маевский башка паспорт, башка отчество менен келгендир” деп жоромол чыгарат. Майевскийдин кылмыш ишиндеги эки паспортунда да, 2010-жылы май айында Кыргызстандын чек арасын өттү деген белгилери жок экенин айтпай эле коеюн.

Дагы бир жолу айтам, ар кандай божомол, ар кандай так эместик айыпталуучунун же, соттолуучунун пайдасына чечилет. Ошондуктан, булар толугу менен жаңы ачылган жагдай болуп эсептелет. Прокуратура иликтеп, аныгына жетип, сотко өткөрүп бериш керек.

Урматтуу депутаттар, Текебаев менен Чотоновду коррупция беренеси менен соттошту. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнүн материалдык кызыкчылыгын көздөгөн адамды коррупция беренеси менен соттойт. Текебаев менен Чотоновдун “Мегакомду” сатууга мүмкүнчүлүгү, бийлиги, укугу бар беле? Жок эле. МЧС жетекчисинин Мамлекеттик мүлк фондунун ишине кандай тиешеси бар?“Мегакомду” сатса, Маммүлк сатат, парламенттин макулдугу менен сатат. Ал кезде парламент жок болсо, Убактылуу Өкмөттүн вицелери бөлүшкөн ыйгарым укуктарга ылайык, Текебаев Конституция жазган гана бийликке ээ болуп, ал эми чарбалык иштер, экономика, приватизация маселелерин Атамбаев көзөмөлдөгөн. Демек, шайкеш келишип жатпайбы. Модин келип, Атамбаевге жолуккам деп жатса, Атамбаев “Мегакомду” сатуу структурасын көзөмөлдөп жатса, Текебаев пара алмак беле? Бул логикага да туура келбейт. Жөнөкөй адамдык түшүнүккө да туура келбейт. Ак караны ажырата алган, анча-мынча адилеттүүлук сезими бар адам бул фарска, бул боткого эч качан ишенбейт. Бул тергөө тергөө эмес, сот процесси эмес, ботко чалган арамзалардын иши болду. Ушул катаны оңдойлу, адилеттүүлүктү орнотолу деп силерди чакырып жатабыз.

Урматтуу эл өкүлдөрү, мен сиздердин көңулүңүздөрдү, прокурордун көңүлүн ушуга бургум келип жатат. Соттолгон адам адилетсиз соттолсо, ал жагдайларды табуу соттолгон адамдын милдети эмес, бул мамлекеттик органдардын, ошонун ичинде сот менен укук коргоо органдарынын негизги милдети. Алар мыйзамсыз чечимдерди жокко чыгарып, адамдын укугун калыбына келтиришкерек. Ал эми биздин прокуратура теңирден тескери иш кылып, соттолгондор таап келген документтерди, жаңы күбөлөрдүкарабастан, жомок токуп баш тартат. Президет Сооронбай Жээнбеков айткандай, мындай прокурорлор тозокко түшөт. Урматтуу Башкы прокурор, албетте, төраганын кеңешчиси катасы толтура кат жазгандай эле, бул обу жок, сабатсыз жоопту сиздин кол алдыңызда иштегендер жазып, орун басарыңыз кол койгон. Сиз бул жагдайларды кайра карап чыгып, мыйзамдуу жана адилеттүү чечим кабыл аласыз деп ишенебиз.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу