«Ата Мекен» митингге 6 миң адам алып чыгат…

Белгилүү болгондой 23-апрелде абакта жатышкан Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун иши жаңы ачылган жагдайлардын негизинде Жогорку сотто каралат. Бул күнү эки саясатчынын тең жактоочулары митингге чыгышат. Алар мэриядан уруксат алышкан. «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Текебаев үчүн тынчтык митингине 6 миң адам чыга турганын билдирди. Ал эми Жапаровду колдогондордун саны канчага жетээри азырынча белгисиз.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу