Атасына таянып инспекторлорду коркуткан киши Статкомдо иштейби? Мекеме үн катты

Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унааны минген мас абалындагы адамдарды укук коргоо органдарынын кызматкерлери артынан кууп жетишкен.

Мас абалында инспекторлор менен чырдашкан киши Улуттук статистикалык комитетинде иштеп кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мекемеден кабарлашты.

«Атам ким экенин билесиңби, деп инспекторлор менен кайым айтышкан киши чынында эле Улуттук статистикалык комитетте иштеген. Бирок ал үч жыл мурун, 2016-жылдын 8-апрелинде эле иштен кеткен болчу. Күбөлүгүн кандайча тапшырбай кетип калганы учурда такталып жатат», — деп айтылат маалыматта.

30-декабрда таңга жуук автоинспекторлор Тоголок Молдо көчөсүнөн Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунааны токтоткондо ага баш ийбей өтүп кеткен. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын артынан кууп жетишкен.

Окуя таңкы саат 4:30дар чамасында болгон.

Автоинспекторлор машинаны токтоткондо анын ичиндеги жүргүнчү аларга ызырынып, атырылып, «кимди токтотконуңду билесиңби, менин атам ким экенин билесиңби» деп кыйкырган. Андан сырткары, «NewTVпатруль» программасынын кабарчыларына кол көтөрүүгө аракет кылган.

Машинанын айдоочусунун жанында күбөлүгү жана автоунанын катталганы тууралуу документ болгон эмес.

Милиционерлерге баш ийбегендер Улуттук статистика комитетинин күбөлүгүн көрсөтүшкөн, бирок анын жарамдуу мөөнөтү 2017-жылы эле бүтүп калганын көрүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин ишенимдүү булагынын маалымдашынча, милиция кызматкерлерине атырылган жаран Биринчи Май РИИБине алынып келип, КР Административдик кодексинин 364-беренеси «Майда бейбаштык» боюнча протокол түзүлгөн. Ал эми айдоочу РИИБге жеткирилип, наркологиялык экспертизанын жыйынтыгында мас экени аныкталган.

Булак:Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу