Атамбаев өзүн «Манас» эпосундагы Кошойго салыштырды…

Кечээ, 7-апрелде Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 2010-жылдагы Апрель окуясына карата өткөн митинг-реквиемге катышып жатып 7-апрелди экинчи туулган күнү катары белгилээрин айтты. Бул тууралуу Чалкан.кж жазып чыкты.

6-апрель күнү мени УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан чыгарып, кадимки эле түрмөгө которушту. Бир камерада 10 киши болчубуз. Алар мени сыйлап, орун беришкен. Ошондо атылган октун үнү чыкканда Кудайдан жалынгам. «Кан төгүлбөсүнчү, мени эле алып кетчи», – деп тиленгем.” -деди Атамбаев.

Муну менен катар эле мурдагы мамлекет башчы Азыркы бийлик Курманбек Бакиев басып өткөн жолду кайталабаса экен деп кайгырып жатканын баса белгиледи.

Ал өзүн «Манас» эпосундагы Кошойго салыштырып, чындыкты айтып жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу