Атамбаев өзүн коргой алат

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов Атамбаев өзүн коргой алат деп билдирди. Ал өз сөзүндө: “Ал бардык суроолорго жана айыптар боюнча жооп берүүгө даяр. Бирок эч кандай расмий документ түшө элек. Журналисттер айыптарды Талант Мамытовдун оозеки айтканынан гана алышты, бирок документ  өз көзү менен көрүшкөн жок. Бул документ табышмак болуп жатат. Депутаттарга да таратылбаптыр. Корутунду чыккандан кийин анын мазмуну өзгөртулүшү да мүмкүн” — деп коңгуроо какты.

БУЛАК: Фабула 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу