Атамбаев Назарбаевди катуу сындады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда
Казакстандын бийлигинин сындап өттү.
“Мен баары бир таза шайлоону өткөрөм. Ар бир эл өз
башкаруусун тандап алыш керек. Эл кимди тандап
аласа, ошо тандоосуна татыктуу болот. Мен түшүнөм,
эмне үчүн Казак бийлиги бизге ушундай
жетекчилерди таңуулап жатат, мен азыркыга чейин
Казакстандын бийлик өкүлдөрүнөн Бакиев
адамдарды аткылап туура кылган деп угам”, деди
Атамбаев.
“ Ооба, Казакстандын ИДП Кыргызстанга караганда, 20 эсе көп. Анда эмне үчүн Казакстанда пенсия
1.5 эсе жогору, ал эми тариф 5 эсе жогору? Эмне үчүн? Себеби, Казакстандын байлыгын уурдап
жатышат. Эл акыйкат башкарууну каалап жатат. Назарбаев Бабанов менен жолугушканда жаш
президент болуш керек дейт, бизгеби же Казакстангабы?”- деди Атамбаев. “Бизди окуткандын кереги
жок, биз өз жолубузду таптык”-деп кошумчалады.

Булак:fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу