Күтүрөгөн күз келсе эле кыргыз саясатында «чагылган чартылдап, бороон чапкын болчудай» көрүнүштү көксөгөндөрдүн демдери ичтерине батпай жаткандай. Мындайда кээ бир жогорку жактын ырын ырдап же ал жактан жылуу орун таап алгандардын «коркконго кош көрүнөт» болуп чочулап жаткандары да жашыруун эмес. Ошол эле учурда «Атамбаевден чоң калибирдеги саясатчылар оолактап кетиптир» деген имиш кептер да коомчулукка атайылап таратылып жатат. А бирок ошол эле «мен саясатчымын» дегендердин божурагандарына кулак түрсөң ар кайсы жээктердеги ар түркүн саясатчылар тескерисинче Атамбаев менен сүйлөшүүнү, жолугушууну самап, экс-президент менен жолуккандардын айрымдары ал кишиге түркүн «план-чиймелерин» чийип, түркүн пикирлерин аянбай айтып жаткандарын да угуп жатабыз. Бирок, тилекке каршы баарынын ою эле таза эмес. Алардын көбү коюндарында «котур ташын» катып, ички максаттары провакациялык мүнөздө экенин байкаган экс-президент андайлардан сыпайы гана баш тартып жаткан кези дейт.
Булак: “Айгай”