Атамбаевдин «конфетка» списогунун «гавносу» чыгып жатканынын өзү эле кандай «керемет»

Жантөрө Сатыбалдиевди актагым да, мактагым да келбейт. Бирок Жантөрө аке менен көп жолу жолуккан, көп жолу маектешкен адам катары айтып коюум керек, деген пикирин эркин журналист Нургазы Мусаев социалдык тармагына жазып чыкты.

—Акыркы учурда саясий зиректиги, билими, духу, тажрыйбасы жагынан бул кишиге тең келчү мамлекеттик ишмер көрө алган жокмун. Көп темаларда сүйлөштүк: мамлекеттик башкаруу, айыл чарбасы, сырткы байланыштар, дипломатия, парламент, партиялык система, кландар, жердешчилик, уруучулук, Атамбаев, СДПК, Президенттик Аппаратты жетектеп тургандагы көшөгөнүн арты жагындагы иштер, сырткы күчтөрдүн таасири, НПОлор, диний жаматтар, еврейлер, олигархтар, шпиондор, жолдордун курулушу, аймактарды өнүктүрүү, медицина, билим берүү, миграция, акчаларды адалдаштыруу, тарых, адабият, Салижан Жигитов, постсоветтик өлкөлөр, Украина, Крым…

Иши кылып биз козгобогон тема калган эмес.

Акыркы жолу Жантөрө Жолдошевич менен ТЭЦ, Атамбаев өзү түзгөн, Шаршенович өзү «конфетка» деп атаган СДПК тизмеси, олигархиялык бийлик тууралуу маек курдук эле. «Базаркомдор парламентке толуп алды, алар базардын деңгээлинен ары көтөрүлө албайт», — деди эле бир жолку жолугушууда. Азыркы бийликтин келечеги жөнүндө да көп айтты ал киши. Азырынча айтканы айткандай, дегени дегендей ишке ашып келе жатат.

Албетте, азыр мени төө бастыга алышат Жантөрө жегич деп.  «Бизде жалкоолор менен аңкоолор гана уурдабайт» деп тээ илгери эле Турсунбек Чыңгышев агабыз доорубуздун сүрөтүн кашкайта тартып койгон.  «Коомдо жашап туруп, андан эркин болууга болбойт» деп Ильич аксакал мааниси терең осуят калтырган.

«Ар бир коом өз башкаруучуларына татыктуу», — дейт ислам дини. Иши кылып, мен үчүн биздин коомдун кыймылына байкоо салып олтуруу – аябай кызык. Жантөрө ака айткандар ишке ашып келе жатканы – андан да кызык. Атамбаевдин «конфетка» списогунун «гавносу» чыгып жатканынын өзү эле кандай «керемет», деп жазган Нурзазы Мусаев.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу