Атамбаевдин кланы

Атамбаев жансакчы, шоопурунан тышкары жердештеринен да неге клан түзгөн?

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезде «Мен үй-бүлөлүк кландык башкаруу жана трайбализм менен күрөшүп атам» деп эле кайталай берчү эмес беле? Көрсө, ал өзүнүн «пьяный мастерлигине» салып, элдин көзүн будамайлай берчү тура.
Минтип айтканыбыздын себеби, ал бийликте турганда мамлекеттик жогорку кызматтарга өзүнүн диплому да жок, тажрыйбасы да жок жансакчы, шоопурларын алып келгени аз келгенсип, туулуп-өскөн Арашан айылынан да майлуу-сүттүү кызматтарга жетекчилерди дайындап, жердешчилик клан түзгөн экен. Ал өзүнүн сөздөрүндө дайыма эле «Коррупцияга каршы катуу күрөшүп атабыз, мен эч кимди аябайм» деп эле кыйкыра берчү.
Бирок, ал бийликтен кеткенден кийин көп жагдайлар ачыкка чыкты. Көрсө, ал коррупцияга каршы күрөштө көбүнесе өзүнүн оппоненттеринен өч алууну көздөчү экен. Андыктан Атамбаев коррупция менен тандоо жолу аркылуу күрөшүптүр деп бүтүм чыгарганга толук негиз бар. Ал эми чыныгы коррупционерлер, контрабандисттерди болсо канатына калкалачу тура.
Ошол сыяктуу эле кландык башкарууну жойбой эле, тескерисинче күчөткөнү билинди. Анын айлана-тегерегинде жүргөндөрдү карап эле Атамбаев өзүнө жакын адамдарды жана туугандарын, жансакчы, кампачы, катчы, шоопурларын жыйнап алганын түшүнөсүң. Ошолордун арасында өзү туулуп-өскөн Арашан айылынан өтө көп адамдар болгонун да белгилеп коюу керек. Мына ушунун өзү Атамбаевдин кланы үй-бүлөлүк кландык башкаруудан да коркунучтуураак жана кооптуураак экенинен кабар берет.
Жердешчилик кланынын башында Атамбаев өзү турат. Андан кийин өзүнүн эмгек жолун кампачы болуп баштаган Албек Ибраимов. Албек мырза Атамбаев бийликке келгенден кийин СЭЗ «Бишкекке», ТНК «Дастанга», «Манас» аэропортуна башчы болгон. КР президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары да болду. Акыркы ээлеген кызматы борбор калаа башчылыгы болду. Андан ары коррупцияга айыпталып, УКМКнын СИЗОсуна кирди.
Турусбек Коеналиев дагы дал ушул Арашан айылынан болот. Ал Атамбаев бийликке келген күндөн тарта КР Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалады, анан 2018-жылдын сентябрында өз каалоосу менен кызматтан кетти.
Тургунбек Кулмурзаевди айта кетели, бул да Аламүдүн районунан. Атамбаевдин доорунда «Кыргызгазды» башкарып, анын россиялык «Газпромго» 1 долларга сатылышына чоң салым кошкон.
Дагы бирөөсү – бул Жоошбек Коеналиев, Арашан айылынан. Ал КР мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо департаментинин директору кызматын ээлеп жүрдү. Ал аталган департаментти жетектеп турганда коомчулуктан көптөгөн даттануулар болгон. Тактап айтсак, департаменттин жетекчилигин коррупцияга айыптап, жалпы ишмердүүлүгүнө нааразычылыктар көп болгон. Ошондон улам ал кызматтан кеткен.
Эмир Чукуев да Атамбаев бийликке келгенден кийин «ТНК «Дастан» ААКсынын коопсуздук, режим жана кадрдык камсыздоо боюнча директору кызматына дайындалган. Ал эми «ТНК «Дастандын» башкы директору болуп ошол убакта Албек Ибраимов отурган. Кийин ал Чукуевди «Манас» аэропортуна авиациялык коопсуздук жана режим башкы башкармалыгына начальник кызматына алып кеткен. Андан кийин вице-президент, анан аэропорттун жетекчиси болду.
Демек, Атамбаевдин Арашандык кланы жогорку мамлекеттик кызматтарда жана байманалуу мамлекеттик ишканаларда жогорку кызматтарда иштеп келгенин түшүнөбүз. Анан кантип АШАнын үй-бүлөлүк кландык башкаруу жана трайбализм менен күрөшкөнүнө ишенебиз?

Булак: “Трибуна”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу