Атамбаевден биринчи никесиндеги уулу Сейтек электр энергиянын башында турат

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн берген маегинде учурдагы президент кеңешин укпай жатканын айтып нааразы болуп, бакылдаган эле. Өзү президент болуп 6 жыл башкаруусунда өлкөнүн экономикасы артка кетип, мамлекетти карызга батырганы аз келгенсип, түштөн кийин кеңеш бергенин кандай түшүнсөк болот? Өгөй балдары, өз балдары, кудалары, шоопурлары, жансакчылары, кампачылары менен чогулуп алып Кыргызстанды мите курттай соруп, талкалаганын эмнеге моюнга албайт? Бул тууралуу Чалкан.орг сайты жазып чыкты.

Калк айтса калп айтпайт, чынында эле Атамбаевдин балдары бүгүнкү күнгө чейин элдин үстүнөн акча жеп, сүткорлуктун жеткен чегинде жетишти. Маселен, анын биринчи никесинен төрөлгөн Сейтек менен Сейит “Автомашэнерго” аттуу ишкана аркылуу миллиондорду сугунууда. Бул элге жеткен гана маалымат. Көмүскөдө дагы кайсы ишканага ээлик кылып жатканын бир уулдары жана Атамбаев гана билбесе башка эч ким билбейт. Буга чейин Атамбаев өзү да муну моюнга алып, анын президент учурундагы эң “талылуу” маселеси ушул балдары экенин айткан. Бирок Атамбаев уялбай туруп “менин балам бул тармактан кетпейт” деп билдирген жайы бар. Өз балдарын мамлекеттин байлыгын каалагандай калчатып, ал жактан кетпейт дегени өтө эле орой кабыл алынган.

Сөз деп эле сүйлөй бергендердин сап башында Атамбаев турарын айтсак болот. Ал азыркы бийликти “Бакиевдин жолуна түштү, үй-бүлөлүк башкарууну орнотту” деп айтканга анын кыпындай да моралдык укугу жок.

Атамбаевдин биринчи никесинен төрөлгөн уулу Сейит азыркы күнгө чейин электр энергиясын мамлекеттен 21 тыйындан алып, карапайым элге 1 сом 70 тыйын, 700 киловаттан көп колдонгондорго 2 сом 16 тыйындан сатып жатат. Муну менен Атамбаевдын уулдары ай сайын эле миллиондорду сугунуп турат.

Атамбаевдин “энергобарон” уулдары Кыргызстандын электр тармактарын өнүктүрүү, тармакка инвестиция салуу милдетин такыр унуткан. Система талканса талкалансын, бизге акча түшсө болду деген принцип менен иштөөдө. Негизи мындай бөлүштүрүүчү компаниялар жыл сайын тармакты өнүктүрүүгө, эскирген техникаларды жакшыртууга миллиондорду бөлүп турат. Мамлекеттин талабы да ушундай. Бирок, Атамбаевдин ач көз балдары мамлекеттин, элдин жонунан кайыш тилип, максималдуу пайда көрүүнүн амалында.

Атамбаев 2010-жылга чейин өлкөнүн электр тармагы боюнча кандай пикирде эле? Анын оппозицияда жүргөндө бул боюнча позициясы кандай болгон? Биз ушул нерсеге көңүл буралы.

Атамбаев 2010-жылга чейин оппозицияда жүргөндө электрдин баасы 6 тыйынга барабар экенин айтып, Курманбек Бакиевдин бийлиги көтөргөн 1 сом 50 тыйын наркка катуу каршы чыккан. 2010-жылдагы митингдерде Атамбаев “бийликке келсем светтин баасын 70 тыйынга түшүрөм” деп ант берген. Ошол убадасы кана? Электрдин наркын түшүрбөй эле кайра 2 сомдон ашырып, Бакиевден өтүп кетти го.

Атамбаевдин балдары иштетип жаткан “Автомашэнерго” сыяктуу электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар Акаевдин учурунда светтин наркын түшүрүү максатында түзүлгөнүн эске сала кетели. Тилекке каршы, азыр мындай компаниялар элдин канын соруп жатат. “Автомашэнергонун” кирешеси А. Атамбаев президент болуп турганда кескин өскөнүн, бирок салык төлөөдө өзгөрүү болбогонун да айта кетели.

Ошентип учурда Ширшовдун схемасын Атамбаевдин балдары ийгиликтүү улантууда. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча “Автомаш-Радиатор” ЖЧКсы “Кыргызавтомаш” ААКсынын базасында түптөлүп, аны Сейит Атамбаев жетектейт. Ал эми “Автомаш-Экол” ЖЧКсы Сейтек Атамбаевдин башкаруусунда. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча “Автомаш-Радиатор” ЖЧКсы бир катар жер тилкелерине жана ири имараттарга ээлик кылат.

2011-жылдан тарта бул ишканалардын багы ачылып, Сейит менен Сейтек 1 кВт электр энергияны 21 тыйындан алып элге 2 сом 10 тыйынга чейин сата баштаган. 2016-жылдын күз айларында Атамбаевдин балдары Кыргызстан өндүргөн электрди Өзбекстан менен Казакстанга 1 сом 60 тыйындан саткан. Ошол учурда булар жүздөгөн миллиондорду тапкан. Тилекке каршы, кышында Кыргызстанда энергия тартыштыгы жаралып, Казакстандан 1 кВт электр энергиясын 5 сом 60 тыйындан сатып алганбыз. Эгер Атамбаевдин балдары күз айларында сууну ыксыз коротуп, кошуналарга сууну сатпай, өзүнүн керт башын, кара жанын ойлобогондо Кыргызстан жарыксыз калып, казактарга күнү түшпөйт эле го. А. Атамбаевдин балдарынын бул аракети Максим Бакиевден эмнеси кем? Элин ойлосо ушул кадамга барат беле?

Бүгүнкү күндө “Автомаш-Энерго” менен “Автомаш-Экол” Кыргызстандын электр тармагын мыкчып кармап турат. Күн сайын А. Атамбаевдин балдарынын чөнтөгүнө элдин жонунан кайыш тилген миллиондор агылууда. Мындай акыйкатсыздыкты токтоту турган учур келди.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу