Аскар Шадиевди издеп үй-бүлөсү да өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду

Кылмыш иши козголуп, колуна кишен салынып, күн тийбеген камерада күн өткөрүп каларын алдын ала сезген Аскар Шадиев депутаттык креслосун, үй-бүлөсүн таштап, өзүнүн сумкасын көтөрүп Баткендеги дарыяны кечип өтүп, Тажикстан аркылуу АКШга сапар тартып, куйругун карматпай кеткен. Азыр аны издеген адам жок. Шадиев өзү качып кеткени менен бул жактагы бизнеси мурунку темп менен иштеп аткан. Анын өлкөдөн чыгып кетишине жардам бергендер көрсөткөн кызматы үчүн доллар менен миллиондоп акча алганы маалым болууда. Аскардан миллиондогон долларды алгандар кимдер экенин бийлик ачыктабаса, кетпес көө сыяктуу өз беттерине сүйкөлөт бул иш. Биздин из кубарлар Шадиевдин кайда экенине кызыкпаса, интерпол менен издетүүнү каалабаса, мандемдин баары өздөрүндөбү? Жакында Шадиевдин үй-бүлөсү да өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду. Алар атакесин издеп кетишиптир.

Булак: “Жаңы ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу