Аскар Мамин Казакстандын премьер-министри болду

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Аскар Маминди премьер- министрликке дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгонун казакстандык басылмалар жазып чыкты.

Маминдин талапкерлигин Назарбаев сунуштаган. Мажилистин депутаттары колдоп берди.

Буга чейин Нурсултан Назарбаев өлкөдөгү экономикалык маселелерди жөндөй албаганы үчүн мурдагы өкмөттү отставкага кетирген. Президент өкмөттү казакстандыктардын жашоо деңгээлин көтөрө алган жок деп сындады. Казакстан өкмөтүн 2016-жылдын сентябрь айынан бери премьер-министр Бахытжан Сагинтаев жетектеп келген.

Булак: Калыс Медиа 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу