Асия Сасыкбаева, экс-депутат: «Салянованын душмандары көп…»

— Асия эже, Салянованы камоодо кайсы жагдайлар эске алынбай калды? — Аида Салянованын камоодо соттор жок дегенде үч жагдайды эске алса болмок. Биринчиси, Аида Салянова киши өлтүргүч, рецидивист эмес, демек айлана -чөйрөгө коркунуч келтирбейт. Экинчиси, бүгүнкү күндө ал киши чоң кызматтарда иштебейт, терөө иштерине таасир эткендей. Үчүнчүсү, биздин мамлекет гуманизация жолу менен барууга умтулат деген принципти кармабай келүүдөбүз. Башкача айтканда, күнөөсү аныкталмайын камакка алуунун кажети жок эле. Бир адамдын көрсөтмөсү менен кичинекей баласы бар аялды камоо бул акмакчылык соттор тарабынан да, буйрук бергендер тарабынан да. Болбосо үй камагына чыгарып тергөө иштерин жүргүзө берсе болмок. — Соттор сабатсыздыктан ушул жолго бардыбы же буйрукту аткарганы үчүн ушундай чечим чыгарууга арагасыз болдубу? — Сотторду анчалык эле билими жок деп айтууга болбойт. Саясий буйрукту аткарышканы баарыбызга эле көрүнүп турат. Болбосо, Батукаевдин иши боюнча башка шектүүлөрдү бош эле коюшту го. Демек, Салянова Аидада бир кандай өтүнүч дейбизби, көрсөтмөбү же өч алуубу бардыгы күмөн болууда. Бул саясатта, бийликте жүргөн эркектердин жүзү ушундай экен. Бир аялды камап коюп мыскылдап отурушканы адамгерчиликке жатпайт. Башкы прокурор болуп иштегенде Аида Салянова өз милдетин профессионалдуу аткарып, бир топ коррупционерлерди камаган. Албетте, душмандары көп. Ошондуктан мындай кызматта иштегендердин кол тийбестик статусу болуш керек эле. Бул боюнча Конституциялык палата жакында түшүндурмө берет деп ойлойм. Чынайым КУТМАНАЛИЕВА БУЛАК: Фабула

 

Конец переписки Введите сообщение…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу