Асема, актриса: “Менин жаным тынбайт…”

Мен 3 жашыман бери бийлеп жүрөм да. Ушунун пайдасы азыр тийип атат. Биринчиден булчуңдар чың болот. Экинчиден төрөттөн кийин денең жайылбай бат мурунку калыбыңа келесиң. Мен өзүмдү тамак-аштан чектебейм. Болгону көп кыймылдайм. Жаным тынбайт десем болот. Бийлегенде ашыкча салмак өзүнөн өзү жок болот. Мен кичинекей кызы бар энелерге кеңеш айтар элем: кыз баланы кичине кезинен бийге берсе мүчө-келбети кийин сымбаттуу болот. Ашыкча салмактан да азап чекпейт.

БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу