Асел Турдалиева, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти: «Декандын алдында кечирим сурап ыйлагам…»

Мен жогорку билимди Ташкенттен алгам. Негизи эле ССРде укмуш тартип болчу. Анан «кунфу» жана «каратэ» спорту менен машыкканга таптакыр тыюу салынган эле. Бир күнү агайыбыз курбум экөөбүздү байкап: «Силер Кунфу менен машыкканга ылайыктуу экенсиңер»- деп бизди машыктыра баштады. Адаттагыдай жашынып сейил бакта  машыгуу  жүрүп жаткан. Биздин бир группалашыбыз көрүп калып деканга айтып салыптыр. Декан бизди чакыртып алып: «Эмнеге мыйзамды бузуп жатасыңар? Кыргызстандын маданият министрлигине билдирүү жазып окуудан айдатам» -деп аябай урушту. Биз болсо кечирим сурап ыйлап турабыз. Ошол күн таптакыр эсимден кетпейт.  Азыркыдай эркиндик кайда, мыйзамга баш ийип, машыгууну таштап койгонбуз. Жада калса ал спорттун китептерин да окууга тыюу салынган. Бөлмөбүздө да башкалар келсе дароо китептерди катып коёр элек.

БУЛАК:De-Факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу