Асель Кадырбекова: «Баардык эркектерде алгандан кийин, катыным деген бирдиктүү пикир бар окшойт…»

Акыркы жылдары кыргыз коомчулугунда да «14-февраль — сүйүшкөндөр күнү» деген түшүнүк кеңири тарады. Бул күн майрам катары каралып түгөйлөр бири-бирин куттуктап, сүйүүлөрүн бекемдешет. Айрым кыздар бул майрамды 8-март катары кабыл алышып, жигиттерден белек күтүшөт.

Ырчы Асель Кадырбекова да бул майрам тууралуу күйөрмандарынын суроолоруна жооп берди. Ал майрамда жолдошу эмне белек кылгандыгын сурагандарга жооп кылып:

«Көп адамдар жеке кат куржунума «күйөөң 14-февралда эмне белек кылды?» деген суроо менен кайрылышыптыр. Эч нерсе. Баардык эркектерде» алгандан кийин катыным» деген бирдиктүү пикир бар окшойт. «Өзүм сага белекмин» деп койду. Мен макул дедим! Аны ансыз деле сүйөм. Анан эмне дейм?», -деп тамашалуу пост жазып чыкты.

Бул тамашалуу постту көпчүлүк колдоого алып «менин да күйөөм белек берген жок», «меники керек болсо эстеген да жок» дешсе, айрымдар «каяктагы майрам?», «мусулмандарда мындай майрам жок» деген өңдүү пикирлерин жазып калтырышууда.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу