Артыков башын кумга катпады…

Адамдын ким экенин көп учурда саясаттагы кадамдары көпчүлүккө билдирип коет. Көп жылдардан бери карай саясатта келаткан Анвар Артыковдун таржымалына көз кырыңды салсаң үлкөн кызматтарды аркалаганын билесиң. Учурунда Кыргызстандын экинчи борбору катары саналган Ош облусунда губернаторлук кызматты камчы салдырбай өтөгөн. Кайсыл партияга баш бакпасын дайыма шайлоочулардын калың катмарын колго алып жакшы жыйынтыктардын жаралышына салымын кошкон.

Башында “Ар Намыста” жүргөнү менен 2015- жылдагы шайлоодо КСДПнын катарына кошулуп, кайрадан арбын добуш чогултууга жетишип, мандат алууга татыктуу болгон.
Тилекке каршы даңазалуу иштерди ийге келтирип, жеңүүчү партия катары таанылган социал демократиялык партиянын тагдыры оор абалга кептелип турат. Жеңил оокаттын даамына башы айланган амалпоздор мурдагы лидерин сатып кетишкенде да Анвар мырза өзүнүн туруктуулугун, позициясы бекемдигин айгинеледи. Болбосо башкаларга окшоп жойпуланып, болбоду дегенде кумга башын катып алса эч ким үн катмак эмес.

Ал эми бийликти мыкчыгандар андайда кылтыңдап ага ыраазы болушмак. Бирок, абийир алдында таза болууга ниетин бурган Артыков Ош облусунда өткөн конференцияга өзү баш-көз болуп, милдетин ийгиликтүү аткарды. Жүзүн өзгөртүп турган, сатылма эл өкүлдөрүнө салыштырмалуу бул кишинин алган багыты туура эле. Кыйынчылык башка түшүп турганда ичиркенип колун сунбай кетип калгандар өтө коркунучтуу болорун да айта кетпесек болбостур? Мейли, бийликке көзүн чекчейткен кошоматчылар Артыковду жаман көргөнү менен коомдогу абалга саресеп салып турган калыс адамдар мындай адамгерчилигине анык баасын берери калетсиз. Арт жактан үргөнгө маш болгондор каңкылдап үрө берсин, андан бул кишинин бер жери тешилип кетпестир.

Булак: «Ачык сөз»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу