Апрелдеги митинге кимдер чыгат?

Жакын арада Текебаевдин боштондукка чыгуу маселеси эми бир митингде каралмай болду. Анткени ана чыгат, мына чыгат деген саясатчынын абактан чыгары дале болсо белгисиз бойдон калууда.

Буга чейин  “Ата-мекен” партиясы бул маселе боюнча мындай олуттуу чечим кабыл албаптыр. Себеби жакынкы күндөрдө “Ата-мекендин” саясий кеңеши ушундай чечим кабыл алганы маалым болду. Салыштыруу ирээтинде айтып кетсек, өткөн кылымдагы эң күчтүү мамлекет СССРдин абдан олуттуу маселелерди КПСС борбордук комитетинин саясий бюросунда кабыл алынчу. Демек “Ата-мекен” лидеринин камактан чыгышына абдан олуттуу мамиле жасап жаткандай.

Дагы бир маселеге көңүлүңүздөрдү бура кетели. Өткөн жылдын аягында ТӨЧ түрмөдө 60 жылдык юбилейин белгилеп жатканда канчалаган саясатчылардын баргандыгы белгилүү. Эми апрелде уюштурула турган митинге алардын кимиси барат, ал эми кимиси барбайт?  Алар өз жүзүн сактап калыш үчүн баары тең барып тилектештигин билдириши толук мүмкүн.

Ал митинг кимдин ким экенин көрсөтчү окуя сыяктуу да кабылданууда.

Дагы бир суроо, бийлик буга кандай реакция жасайт?  Маселе билинип-билинбей чоң проблемага айланып кетиши мүмкүн дегендер да жок эмес. Бир кездеги Ленин түрмөгө жатып атактуу болгондой, Өмүрбек Чиркешовичтин аброюн саясий куугунтук болгондугу көтөрүп кетти.

БУЛАК: argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу