МЫНА САГА! Анжелика өзүнүн костюмун күйөрманына белекке берди…

Анжелика 27-апрелде Азия Молл соода борборунда 8 клиптин бет ачаарын өткөрдү.

Ага 1000дей адам катышып, ырчыны кыргыз эстрадасынын жылдыздары да куттуктап келишти. Алгач күйөрмандарга Айзада Жамгырчиева менен биргеликте «Шопинг» аттуу клип тартууланып,  калган клиптер  катары менен эл сынына коюлду.

Ага утурлай эле түрдүү оюндар ойнотулуп, Анжелика өзүнүн кийип жүргөн кызыл күрмөсүн оюндун жеңүүчүсүнө белекке тартуулады.

Ошондой эле оюндун башка катышуучуларына дагы белгилүү бренддерден косметика жана кийимдер ыйгарылды. Анжеликанын фан-клубунун атынан жасалган плакаттар дагы элдин колдоосуна арзып, ырчы аларга да концерттен соң белек берерин айтып, ырзаачылыгын билдирди.

Ырчы айымдын фотосу менен түшүрүлгөн торт жана кичинекей таттуулар дасторкондун көркүнө көрк кошушту.

А тургай  3д форматында жасалган дагы бир Анжелика сахнанын ортосунда отурду.

Элдин баарынын көңүлүн бурган эң өзгөчө коноктор — пандалар болду.

Албетте бул мультфильм каармандары кичинекейлерге мыкты маанай тартуулады деп айтсак болот.

Залдын ичин шаңга бөлөгөн концерт 2 саат болду.

Жыйынтыгында түркүн тамактары менен жайылган дасторкон элге таратылып,  Анжелика миңдеген күйөрмандары менен сүрөткө түшүп үлгүрдү.

Мындай даярдык менен ырчы айым элди  спорт ордосуна эле чогултса болмок экен деген ойго кептелдик. Ошондой эле Анжелика жай айында чоң программадагы жеке концертине кызуу даярдык көрүп баштаганын да баса белгиледи.

БУЛАК: гезит.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу