Америкалык мушкерге нокаут менен жеңилген Федор Емельяненко үн катты

Россиялык мушкер Емельяненко рингдеги каршылашы Мэтт Митрион менен кайрадан реванш-беттешине чыгуу каалоосу бар экенин билдирди.

Bellator 180 турниринин алкагында америкалык мушкер Мэтт Митрионго нокаут менен жеңилген Федор Емельяненко маалымат жыйын учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Эки мушкердин беттеши дем алыш күндөрү Нью-Йорк штатында өткөн. Биринчи раундда Федор Емельяненко менен Мэтт Митрион бири-бирине катуу сокку узатып, экөө тең кулаган. Бирок америкалык мушкер өзүнө тез келе калып, Емельяненкого бир нече ирет сокку урган. Натыйжада рефери беттешти токтотууга аргасыз болгон.

Маалымат жыйын учурунда россиялык мушкер Емельяненко рингдеги каршылашы Мэтт Митрион менен кайрадан реванш-беттешине чыгуу каалоосу бар экенин билдирди.

«Катуу соккудан кийин Мэтт өзүнө эртерек келе алды. Реванш-беттешүүгө чыгууга каалоом бар», — деди Федор.

Ал ошондой эле дарыгерлердин кароосунан өткөнүн жана учурдагы абалы жакшы экенин билдирди.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу