Алтынбек Сулаймановдун деңгээли Мелис Мырзакматовго жетеби?

Жогорку Кеңештин спикерлигин көздөп, бирок тилеги ишке ашпай калган Алтынбек Сулаймановдун учурдагы максаты Ош шаарына мэр болуу окшойт.

Шайлоодо Соорон­бай Жээнбековдун талапкерлигин жакшы колдоп берди. Бир ирет Текебаев “Алтынбек Сулайманов президенттикке татыктуу” – деп койсо дердеңдеп кетти эле.

Негедир Сооронбай мырзага каршы чыккан жок. Ошто Сулаймановдун бир топ болбосо да анча-мынча колдоочулары бар.

Бирок экс-мэр Мелис Мырзакматовдун деңгээлине жетпейт. Эгер мэр болуп калса Мелистей болуп иштей алабы деген суроо туулат. Ошко башчы болуш да оңой эмес.

Булак: «Ачык саясат» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу