Алмаз Шаадаев алдамчылык менен алыска барбайт…

Жигиттик сапатта бир айтылган сөз аткарылышы керек. Аткарылбадыбы? Демек, өзүн чыныгы мырза сезбегендиги. Чамасы бир ыры 18миллионго жетип, Алмаз мырза өзүн бийик көрүп алган окшойт. Сөзү, обону өзүнүкү болгондо кантмек? А дегенде биздин «АРГУМЕНТ TV» каналыбыздын чакыруусун кабыл алып, келем деп, тартылуу убактысын белгилеп үч ирет  келбей койду. Муну кандай түшүнөбүз? Бул деген бизди эмес, өзүн жана чыгармачылыгын сыйлабагандыгы. Сөзүнө туруу маданияттуулуктун белгиси, алдап коюу маданиятсыздыктын жеткен чеги. Анан кантип мындай маданиятсыз ырчылар Кыргыз искусствосун өнүктүрмөк эле!

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу